11:40 Азык-түлүк корпорациясы түзүлөт

Бүгүн президент “Кыргыз азык-түлүк корпорациясы” аттуу акционердик коом түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Президенттик басма сөз кызматынын маалыматы боюнча мындай корпорацияны түзүү –азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарбаны көтөрүү максатында ишке ашырылмакчы. Мамлекет башчынын буйругу менен тиешелүү жетекчилерге “Кыргыз азык-түлүк корпорациясы” АК түзүүгө бир айлык мөөнөт берилди.
Ушундай эле буйрук менен “Кыргызстандын өнүгүү фонду” АКсын жана депозиттерди коргоо боюнча агенттик түзүүгө да бир ай мөөнөт берилди.(ZKo)