Түркмөнстан григориан жылнаамасына кайтып келди

Түркмөнcтандын мурдагы президенти, маркум Сапармурат Ниязов алты жыл мурда бул жылнааманы колдонуудан баш тартууга буйрук кылган. Ошентип Ниязовдун тушунда күн, апта жана жыл аталыштары өзгөртүлүп, а түгүл айрым айларга президенттин жакындарынын ысымдары ыйгарылган эле.