«АЗАТТЫКТЫН» ТҮРКМӨН КЫЗМАТЫНЫН КАБАРЧЫСЫ БИЙЛИК ТУЗАГЫНДА КАЛА БЕРҮҮДӨ

Кубат Чекиров, Прага Түркмөнстанда Эркин Европа/Азаттык үналгысы менен тыгыз кызматташып келгендиги үчүн Сазак Дурдымурадов аттуу жаран учурда псих ооруларынын клиникасында кармоодо жатат. Чөлдө орун алган, азыркы Гулаг катары сыпатталган бул клиника бир топ жылдан бери өкмөттү сындаган көп ишмерлердин турагы болуп калды. Тарых сабагынын мугалими, коомчулукка жакшы таанымал адам Сазак Дурдымурадов 20-июнда Европалык Биримдик менен Түркмөнстандын бийликтери ортосунда адам укуктар маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болор алдында кармалган. "Азаттыктын" кабарчысы Гүлноза Сейидазимова бул азаптуу жайда мурда кармалып чыккандарга жолугуп, андагы көп жылдардан бери орун алып келаткан адам кыйноолору жөнүндө угуп келген.
Түркмөнстандагы саясий диссидент Гурбандурды Дурдыкулиев псих ооруларынын Бойнузин деп аталган клиникасында, түркмөндөрдүн азыркы Гулагында дээрлик 26 ай отурган. Ал бул жакта отурган учурун тозок менен салыштырат:

«Бул жабык оорукана. Башкы дарыгер бул жакты өзүнүн менчигиндей эле көрөт. Тамак-ашы абдан начар. Шейшептер абдан эски. Керебеттер да эски, совет мезгилинде балдар лагеринен алынып келинген бойдон. Алардын көпчүлүгүнүн тору жок, отурган адамдар зым менен эптеп байлап-сайлап алышкан. Таракан деген жайнайт. Терезелер эки кабат болуп тордолгон, бирок айнеги жок, ошондуктан кышында өтө суук»,-дейт Дурдыкулиев.

Бойнузин Амударыяга жакын чөлдө Ашгабаттан болжол менен 700 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал бул жакта отуруп чыккандар гана эмес жакын коңшу айылдарда жашаган элдин дагы эсин чыгарган жай. Бийиктиги төрт метр келген дубалдар менен тосулган бул жайды полиция кайтарып турат. Дурдыкулиевдин айтымында, аны кайтарып тургандар чиновник кийимин кийип алышкан коопсуздук кызматынын офицерлери. Бул жер башынан эле «өтө коркунучтуу кылмышкерлер» үчүн, эң оболу киши өлтүргүчтөр жана псхикалык жактан акылдан адашкан оорулар үчүн салынган.

Эркин Европа/Азаттык үналгысынын түркмөн кызматына байма-бай ой-пикир бөлүшүп келген Сазак Дурдымурадов бийликтен жалтанбай аларды сындап эркин сүйлөгөндүгү үчүн жакында Бойнузиндегилердин катарына келип тыгылды. Клиниканын башчылары Сазактын бул жерде экенин Азаттык үналгысынын түркмөн кызматына ырастап айтып беришти. Көрсө Дурдымурадов Ашгабаттын жанындагы Бахарден шаарындагы үйүнөн камакка алынгандан кийин он күндөн кийин ушул жакка алып келинген экен.

Кабарларга караганда Дурдымурадовду басмырлап, ага өтө орой мамиле кылышкан. Ал Азаттык үналгысы менен кызматташтыгын токтотпой турганын билдиргенден кийин кармалган. Бул жакта далай азапты башынан кечирген Дурдыкулиев Дурдымурадовдун Бойнузинде токмоктолгонуна бөркүндөй ишенет.

Дурдыкулиевдин айтымында, бул жерде отургандарды жазалоонун ар кандай жолдору бар. Маселен баш көтөрүп каршылык кылгандардын эркин сындыруу үчүн күч менен баңгизат сайып туруп, бир кишилик камерага камап коюшат. Дарыгерлер кааласа өлтүргөндөн да кайра тартышпайт. Дурдыкулиевдин өзү да изолятордо көп айлап камалып азабын жеген.

«Мен бул жерге биринчи камалганда мени изоляторго отургузушту. Бул ооруканада изолятор бар. Мени бул жерде жападан жалгыз төрт ай, он төрт күн кармашты. Бул жерде жарык жок, телевизор, радио жок. Тамагы куруп калсын, болбогон бир ботко беришет, сууга аралаштырып туруп, башка эчтеке жок»,- дейт Дурдыкулиев.

Дурдыкулиевду 2004-жылы өкмөт саясатына каршы чыкты деп айыптап кармашкан. Кезегинде эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, АКШнын Конгрессинин 54 мүчөсү кайрылып ортого түшкөндөн кийин гана Дурдымурадовду бошотушкан. Ал бул ооруканага келгенге чейин эле жүрөк жана ашказан ооруусунан жапа чегип келген экен. Доктурлар анын оорусуна карашкан эмес, анын акылдан адашкан адамдардын арасына кошуп, эркин сындыргылары келишкен. Дурдыкулиев жиндиканада жатканда өзүнүн аянычтуу абалы жөнүндө ошол убактагы саламаттык сактоо министри Гурбангули Бердимухамеддовго бир нече жолу кат жазып кайрылыптыр.

«Мен бул жакта болгондун баарын азыркы президент Бердимухаммедовго ал саламаттык сактоо министри болуп иштеп турганда жазып арыздангам. Андагы дарыгерлер баш кесерлер деп айткам, аларга караганда баш кесерлер артык. Баш кесерлер кыйнабай өлтүрүп салат, а силер андан жаман кылып жатасыңар деп жазган болчумун»,- дейт Дурдыкулиев.

Эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар жана маалымат каражаттары, алардын ичинде «Чек арасыз кабарчылар» уюму дагы, Дурдымурадовду камакка алууну айыпташууда.

АКШнын Мамлекеттик Департаменти 28-июндагы билдирүүсүндө Дурдымурадовдун камалып, зомбулукка туш болгонуна «терең тынчсыздануусун» билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү Том Кейси «журналисттерди коркутуп үркүтүүнүн ар кандай аракетин адам укугун басмырлоонун эч жол берилгис түрү» деп атады.