Иран президентинин өмүрүнө коркунуч туулду

Иран президенти Махмуд Ахмединежаддын өмүрүнө рентген нуру менен коркунуч келтирүү аракети болду. Бул тууралуу Ирандын “Ирна” деп аталган өкмөттүк маалымат агенттиги өлкөнүн Италиядагы эличиси Абул Зохреванга шилтеме берип кабарлады. Мурдараак Ахмединежад өзү Ирактагы марттагы сапарында ага каршы уюштурулган кутумдан аман калганын билдирген эле.