ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын төрагасы Казакстанды "демократияны чыңдоого" чакырды

Йоран Леннмаркер Казакстанды 2010-жылы ЕККУдагы төрагалыгын демократияны чыңдоо үчүн колдонууга бул уюмдун Парламенттик ассамблеясынын Астанада бүгүн башталган жылдык сессиясында үндөдү. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны Борбор Азияда биринчи ирээт өтүүдө. Жыйын 3-июлга чейин созулат. Казакстандагы шайлоолордун бири да буга чейин ЕККУ тарабынан демократиялык деп таанылган эмес. Казак жетекчилиги былтыр 2010-жылдагы ЕККУга төрагалык укугун алууда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү убада кылган, бирок азырынча убадасын ишке ашыра элек.