Британия ханышасы жазуучу Салман Рушидге “рыцарь” наамын ыйгарды

Елизаветта Экинчи Рушидге бул наамды “адабиятка кошкон салымы үчүн” берди. Жазуучунун 1988-жылы жарык көргөн “Шайтандын аяттары” аттуу китеби көпчүлүк мусулман коомунда аллага акаарат келтирген чыгарма катары бааланат жана диний экстремисттер авторду бул үчүн жазалай турганын бир нече ирээт опуза кылышкан.