11:32 Бүгүн мектептерде бүтүрүү кечелери өтөт

Билим берүү министрлигинин чечими менен бүгүн, 25- июнда Кыргызстандын мектептеринде бүтүрүүчүлөргө орто билим тууралуу күбөчөлөр тапшырылат. Мындан тышкары орто мектептерде бүтүрүү кечелери да уюштурулат. Быйыл 78 миң 651 бүтүрүүчү мектеп босогосун аттап атат. (EK)