Беларусь парламенти ММКга жаңы чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алды

Мыйзамга ылайык Интернет-журналисткага көзөмөл салынат. Беларусь Маалымат министрлигинин өкүлдөрү парламентте коомду Интернеттин терс натыйжаларынан сак-сактап туруу керек деген жүйө айтышты. Мыйзамга жергиликтүү ММКлардын чет өлкөдөн каржыланышына тыюу киргизилет. Айрым эл аралык укук коргоо уюмдары мыйзамды Европадагы эң катаал мыйзам деп сыпатташууда.