10:10 Быйыл европалык туристтердин саны азайганы байкалууда

Жергиликтүү туристтик компаниялар муну учурда Австрия менен Швейцарияда “Евро-2008” футбол чемпионаты өтүп жатканына байланыштырып жатышат. Бул туурасында “Азаттыкка” “Коомчулукка негизделген турзим” ассоциациясынын менеджери Асылбек Ражиев билдирди. “Адатта туристтердин агымы май айынан баштап көбөйчү. Быйыл туристтик сезон июль айында гана башталаары күтүлүүдө. Футбол чемпионатынан улам европалыктар гана эмес, Орусия жана казакстандыктарга таасир этти окшойт”, - деди Асылбек Ражиев. Анткен менен жергиликтүү туроператорлор туристтик сезон да жылдан жылга узарып, туристтер кеч күзгө чейин Кыргызстанга келип жатышканын белгилешүүдө. Асылбек Ражиевдин айтымында, Туристтик маршруттардык арасында Ысыккөл жана Нарын облустары, Ош шаары популярдуу бойдон калууда. Чет өлкөлүктөр көчмөн элдин чыныгы жашоосун көргүсү келишет. (JTo)