ЖАҢЫ САЛЫК КОДЕКСИНИН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш жаңы “Салык” кодексин биринчи окууда кабыл алды. Эми ал экинчи окууда күзгү сессияда кабыл алынып, 2009-жылдан баштап ишке киргизилери белгиленүүдө. Жаңы “Салык” кодексинин артыкчылактары жана кемчиликтери эмнеде?
Жаңы “Салык” кодексинин долборунун үстүнөн эки-үч жылдан бери иш жүрүп келгени белгилүү. Ал долбоордо эки карама-каршылыкты бириктирүү, же тактап айтанда, бир жагынан бюджеттин киреше булагына зыян келтирбей, экинчи жактан ишкерлерге, өндүрүш тармагына жеңилдик берүү менен экономикалык өсүштү камсыздандыруу максаты турган. Ошентип, эми жазылып бүтүп, өткөн жумада парламентте биринчи окууда кабыл алган кодекске ишкерлер жалпысынан оң баа берип жатат.
Маселен, Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин башчысы Чыныбай Турсунбаев:

- Салыктын түрү, пайыздары азайды. Мисалы, кошумча нарк салыгынын 20%дан 12% түшүшү ишкерлерди кубандырып жатат. Андан сырткары каскаддык салыктар деп аталган - жол салыгы менен өзгөчө кырдаалдар деген салыктар жоюулуп жатат. Бул да жакшы нерсе. Ошол эле мезгилде соодага салык киргизилгени бизди түпөйл кылып жатат. Бирок кандай гана болбосун бул “Салык” кодекси мурункуга караганда кыйла прогрессивдүү.

Ошентип, жаңы кодексте ишкерлерге бир катар жеңилдиктер берилүүдө. Анда ошондой эле жашылча-жемиштерди кайра иштетүүнү көздөгөн ишкерлер болсо, алар кошумча нарк салыгынан 7 жылга бошотулууда.

Бирок жаңы кодексте жерге салык 30% көтөрлүп, мүлк салыгы киргизилүүдө. Парламенттеги коммунисттер фракциясынын лидери Исхак Масалиев кары-картаңдарга, катардагы жарандарга салыктын жүктөлүшү туура эмес деген пикирде:

- Биз айтып жатабыз кошумча нарк салыгы төмөндөтүлгөнү туура, бирок ошол мезгилде мүлккө салык жана башка салыктардын түрлөрү биздин жарандардын мойнуна жүктөлүүдө.Мисал катары айтып кетсек, ошол эле пенсия жана жөлөк пулдар салык алына турган базага кошулат экен. Ошондуктан биз кодексти ушул түрүндө кабыл алууга каршыбыз.Биздин пикирде, кошумча нарк салыгын төмөндөтүш керек. Ошол эле мезгилде байларга салыкты көбөйтүш керек.

Социал-демократиялык фракциянын депутаттары жер салыгынын көбөйтүлүшүнө каршы чыгууда. Фракциянын депутаты Мурат Жураев:

- Биз жалпысынан колдоп жатабыз. Бир- эки позиция боюнча өзүбүздүн сунушту айттык. Биринчиден, жер салыгын мурдагыдай калтырыш керек. Анан дары-дармекке кошумча нарк салыгынын киргизилишине да каршы болуп жатабыз. Мен өзүмчө сунуш киргиздим миграция боюнча салык алынсын деп. Ошол үч сунушубуз бар. Жалпысынан колдойбуз.

Кошумча нарк салыгынын 20%дан 12% төмөндөтүлүшү менен бюджеттин киреше бөлүгү 4 миллиард сомдон 6 миллиард сомго чейин жоготот деген маалымат бар. Ал кайсы булактан толтурулаары өкмөттүн долбоорунда көрсөтүлгөн эмес дейт Масалиев:

- Менимче андай эсеп жүргүзүлгөн эмес. Мисал үчүн “Салык” кодексинин долбоорун иштеп чыккан топ “урматтуу депутаттар, салыкты төмөндөтүү менен мынча жоготуп жатабыз. Аны жабыш үчүн салыктын бул түрүн күчөтсөк, мынча бизде менчик бар, мынча аянт жер бар, мынча завод-фабрика бар, бул тигинин менчигинде турат-алар мынча салык төлөйт” деп айтканда, анда маселе жарыгыраак болот эле. Менимча, алар мындай изилдөө жүргүзгөн эмес. Эсеп жок. Бул кээ бир учурда асмандан алынган сандар.

Депутат Мурат Жураевдин пикиринде, бул кенемте көмүскө экономиканын ачыка чыгышы менен толтурулууга тийиш. Бирок андай жакшы тилек реалдуу турмушта кандай болоору белгисиз.