13:55 Кыргызстанда Ысыккөл кинофестивалы өтөт

Аталган иш-чара быйыл сентябрь айында өтөт. Бул тууралуу маданият жана маалымат министрлиги билдирүүдө. Маалыматка ылайык учурда аталган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Фестивалды өткөрүүгө он төрт миллион сом каралган. Мындан тышкары маданият жана маалымат министри Султан Раев ушул тапта 2015-жылга чейин кыргыз киносун өнүктүрүү боюнча улутттук программа даярдап жаткандыгы айтылууда. (ES)