Арменияда оппозиция бүгүн нааразылык иш-чара баштайт

Ереванда мындай иш-чара мартта шайлоодон кийин сегиз адамдын өлүмүнө алып келген тополоңдон бери биринчи жолу өткөрүлүүдө. Полиция нааразылык акциясына чыккандарды шаардын борборуна келбөөнү эскертти. Оппозиция бул эскертүүнү четке кагууда. 1-мартта полиция менен шайлоо жыйынтыгына нааразыланып чыккандар кагылышып сегиз адам өлгөн.