АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ: ЖЫЛДЫЗДАЙ ЖАНЫП ӨТТҮ...

“Айтматов коюлган комплексти мыктылап бүтүрсөк, өзүбүздүн мекендештер, сырттан келгендер кызыгып бара тургандай жай болсо, Чыкем түбөлүктүү калат эле..”. Дүйнөгө таанымал инсан маркум Чынгыз Айтматовдун түбөлүк жер энеге берилгенине жетинчи күндүн жүзү болду. Кыргыз журтчулугу бир караганда залкар уулу менен сыймыктанып, ар бир кыргыз өзүн бактылуу сезсе, анын оо дүйнө салып кете бергени калың журттун кабыргасын кайыштырып жетимсиретип, өксүгү суубай турган учур. Мындай залкар жазуучунун атын түбөлүккө калтырып, келечек муундарга таанытуу үчүн кандай иш аракеттерди өтөлгөлүү жасаш керек деген атуулдук милдет кыргыз элин ойлондуруп туру.







Ушул маселеде ой бөлүшкөнү тегерек үстөл маегине профессор, саясатчы Бектемир Мурзубраимов, академик Бүбүйна Орузбаева жана драматург жазуучу Бексултан Жакиев катышты. Тегерек үстөлдөгү маекти Жаркын Темирбаева алып барды.

Жаркын Темирбаева: - Урматтуу төгөрөк үстөл маегинин катышуучулары мына улуу жазуучу маркум Чынгыз Айтматовду акыркы сапарга узатып, топурагы сууй электе, бийик адам менен коштошуп жатып ар бир атуул бийик ойлорго обдулбай койбойт. Айтматовду буга чейин талбаган эмгеги, таланты таанытып келсе, эми залкар жазуучу чыгармалары аркылуу өзүнүн өмүрү, турмушу, кубанычы, кайгысы, сүйүнүчү тууралуу сөз кезегин берет.

Бүбүйна Орузбаева:- Айтматовдун күтүүсүз жерден оо дүйнөгө кетиши кимдин болбосун кабыргасын кайыштырды. Күтүлбөгөн жоготуу болду. Болгондо да чоң жоготуу болду. Элибизде айтылган:” бири кем”- деген дүйно ушул экен. Бул киши жок дегенде сексен жылдыгына жетип алса болот эле. Андан кийин дагы бир тилектер болот эле. Эми жараткандын өлчөп койгону бар. Убакты сааты туура келип калгандан кийин, ушинтип оо дүйнө салып кете берет турбайбы. Кыргыз элинин тарыхында ХХчы ХХIчи кылымдын тарыхында жанагы комета деген болот турбайбы. Ааламдын бир жагынан учуп, экинчи жагына барып, мына ушундай кометадай болуп, учуп өтүп кетти.

Жаркын Темирбаева:- Айтматовдун көзү өткөндөн кийин, анын басып өткөн өмүр жолу, жаратмандык менен элге тартуулаган чыгармалары, коомчулуктун көз карашын башкача, жаңыланган нукка буруудагы чакырыктарынан улам Айтматов бери дегенде эле элүү жыл алдыда жашаган киши деп айтылып жүрөт. Айтматовду канча күн бою эскерсе да эскергиси келип, эске салып айткысы келип турган учур.

Бектемир Мурзубраимов:- Мен дагы Бүбүйна эженин кайгыруусун толук колдоп, кайталап отурбайын. Биздин үй-бүлөбүз үчүн абдан чоң жоготуу болду.Мен Айтматов төрөлгөн күнү 12-декабрда төрөлүп, биздин үй-бүлөдө кош майрам болчу. Бул кишинин өтуп кеткенин уккандан бери өзүбузгө келалбай, көп нерсени жоготкондой болуп жатабыз.Эми өлүмдүн баары кайгылуу, бирок өлүм улук дегендей, мындай өлүм бардык эле пендеге буюрса жаман болбойт. Мен эс тарткандан бери мынчалык жоготууну, массалык кайгырууну, миңдеген элдин кайгыга батканын, өзүбүздүн кыргыз журтчулугунан башка дагы чет өлкөлөрдөн, дүйнөнүн туш тарабынан келген, кыргыз элинин аза кайгысын бөлүшкөн, ушундай кайгырууну көргөн эмесмин. Бул дагы болсо Айтматовдун өзүнүн баркы, даңкы, чыгармаларынын бардыгы бүткүл дүйнө элине жаккандыгы, кыргыз элин мындан ары дагы бириктирип, кыргызда жакшы сөз бар го улуу адам өлсө, элди-журтту бириктирип, алдыга үмүттөндүрүп, жылдырат деп. Мен ойлойм Айтматовдун өлүмүнө байланыштуу болгон, бул Кыргызстандын мындан аркы алдыга жылышына дагы бир турткү болот го деп.

Жаркын Темирбаева:- Чоң жазуучунун дүйнөдөн өтүшү кандай таасир берди. Жазуучу, драматург катары Бексултан мырза сиз кепти улантсаңыз?

Бексултан Жакиев:- Оо дүйнөгө кеткенин уккандан эңги-деңги болдук. Оксүдүк...Кыргыз эли үчүн, дүнүйө маданияты үчүн өтө бийик, ченемсиз орунда турганын билдирет. Эми өксүй-өксүй, тирүү жүргөн адамдар оорчулукка, кыйынчылыкка, жоготууга деле көнөт экен. Чыкемди жайына узаткан күнү эл батпай, ушунчалык көп келди. Чыкемдин кадыр-баркынын өтө бийик экени билинди. Биз ушундай улуу кадыр-барк менен жайына узаткандан кийин, биз эми Чыкемдин атын, кадыр-баркын мындан ары көзү өткөндөн кийин дагы ошол деңгээлде сактап калуунун далалатында болуш керек. Бир нерсени айта кетким келип турат. Чыкемдин сөөгү биз үчүн ыйык болуп калган Атабейитке коюлушу абдан туура болду. А жерде 137 курман болгондордун сөөгү жатат. Ушу жерде мемориалдык комплекс бар эле Атабейит деген.Канча жылдан бери аягына жетип курулуп бүтө элек. Азыр Чыкемдин сөөгү ошол жерге барып жаткандан кийин, анын ыйыктыгы дагы күчөйт. Чыкемди кадырлап-сыйлаган, айрыкча чет өлкөлүктөр ошол жакка барууга аракет кылат. Биз бир нерсени жакшы баштап алып, аягына жеткирбей таштап аткан жаман адатыбыз бар. Эми ушу Чыкеме коюлган эстеликти, комлексти бүтүрүп, өзүбүздүн мекендештер, сырттан келгендер кызыгып бара тургандай жай болсо, Чыкем түбөлүктүү болот. Мына Украинанын Тарас Шефченко деген илгерки акынын билебиз. Ал киши керез калтырып кеткен экен:”Мен кайтыш болгондо Днепрдин жээгине койгула”-деп. Ушул Киевден өтө эле алыс жерде. Бир күндүк жол ошого жеткенче. Ошого карабастан, бүгүнкү күнгө дейре украиналыктар, башкалар, четтен келгендердин бардыгын ошол жерге алып барат. Абдан ыйык болуп калган. Атабейитти дагы алыс коюлуп калды деген сөздөр болгон. Бул алыс эмес, жапжакын.Ушул жердин эстелиги, маданияты, анын курулушу, музейи болобу,эмнеси болсо дагы мындан ары да аягына жеткирип, мыктылап түзүш керек.

Жаркын Темирбаева:- Сиздер мына Айтматовдун түбөлүктүүлүгүн орнотуу маселесин айтып жатасыздар. Канткенде Айтматовдун аты түбөлүк сакталып калат?.Кандай иш-аракеттер, пландар түзүлүш керек? Бүбүйна айым сизде сөз.

Бүбүйна Орузбаева:-Айтса айтпаса төгүнбү? –дейт. Аты түбөлүккө кала. Кыргыздар унутпайт деп айтып атабыз. Ошол сөз да чын жүрөктөн чыккан сөз. Ошол дагы кыргыз элинин тилеги. Бирок, аны ишке ашырыш үчүн пландуу түрдө жүргүзүш керек. Чыгармаларынын баарын кайрадан карап чыгып, жыйнап, том-том кылып чыгаруу керек. Ошондо далай тематика келип чыгат. Көркөм чыгармаларынын өзү, романдарын бир бөлөк, повесттерин үчүнчү болуп кетеби, ушул сыяктуу адабият таануучулар жакшы билет. Бул кишинин саясый көз караштарын, дүйнөгө болгон көз караштары, көп макала, көп сөздөрүндө, докладдарында айтылган. Мына ушуларды дагы өзүнчө, публицистикасын түрлөргө келтириш керек. Артында көп байлык калтырган, кагаз бетине түшүрүп. Булардын бардыгын биобиблиографиясы деген болот.Аны бүтүндөй билген киши, окумуштуу киши терең ошого хронологиялык баш сөз жазып, жыйнап чыгукерек. Ал кишинин каттарын өзүнчө, кимдер менен жолуккан. Кайсыл өлкөлөрдө болгондугу дагы эл үчүн, жаштар үчүн аябай керектүү маалымат болот.Бул кишинин кинофильмдерин, чыгармаларындагы союжеттеринин негизинде тартылган, аларды кимдер тарткан? Бул бир чоң тарых. Аткарган кызматтарына чейин, туулган күнүнөн тартып, ушул күнгө чейинки баарын хронологияга тартып, чыгармачылыгы боюнча жүздөн ашык дисертациялар корголгон. Ошолорду тандап. Кыскасы аткарыла турган иш көп. Мунун бардыгы пландуу түрдө, бир автордук коллектив, же болбосо илим изилдөө институту болобу, же бир борбор болобу түзүлүш керек. Рынок деген заманда ишке ашырыш үчүн каражат да болуш керек да.

Жаркын Темирбаева:-Айтматовду түбөлүк калтыруу, кийинки муундарга таанытуу маселесинде тарбиялык маанисинен алганда жогорку окуу жайларда, мектептерде болобу Айтматовду окутуу кандай жүргүзүлсө дейсиз. Мына окуу жайлардын ректору катары, илимпоз катары Бектемир мырза микрофон сизде.

Бектемир Мурзубраимов:-Мектептерде кала берсе балдар бакчаларынан баштап эле кызыгуу болот деп ойлойм, атайын Айтматов таануу сабагы болсо. Айтматовтаануу деген азыр белгилүү деңгээлде бар да. Профессор Абдыкадыр Садыков убагында: “Айтматов таануучуларды даярдаш керек” –деп сунуш кылган.Демек, буга жөндөн жөн эле программа түзүш керек, колдонмо жазыш керек деген эмес да. Атайын Айтматовду таануучуларды даярдаш керек. Алар бизде бар. Мына академик Бүбүйна эже баш болуп, Абдыкерим Муратов, Абдыкадыр Садыков, Акматалиев, профессор Байгазиев бул Айтматовдун чыгармаларын иги-жигинен бери иликтеген, абдан көп пайдалуу материалдарды жазган адамдар да бар. Ушулардын тобун дагы көбөйтүп, себеби кызыккан адамдар абдан көп. Айтматовду таануучуларды даярдап, атайын программада китеп жазып, түздөн түз мектептерде жана жогорку окуу жайларда киргизсе болот.

Жаркын Темирбаева:-Эми урматтуу тегерек үстөлдүн катышуучулары Айтматовдун өмүрүн чыгармалары улантат деген пикирди бышыктап жатасыздар. Демек өзү жашаган коомдун элесин, анда жашаган элдин жүзүн оз чыгармаларында берип кетти. Анын улуулугу жана элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болушу да ушундан болуш керек. Айтматов өмүрүн өтөлгөлүү жашады. Көзү өтсө да артында из калтырды дегендей. Ошол изди жаркыратып коюуга азыркы коомдун дарамети жетишеби же дагы бир жаңыланган муунду күтуш керекпи?

Бүбүйна Орузбаева:- Из калды. Сонун-сонун чыгармалары калды. Учурунда элдин жүрөгүн ооруткан, элдин тынчын алган, кубандырган өзүнүн чыгармачылык курчтугу менен ошол учур үчүн, коомдун өркүндөшүндө, коомдун адым таштап баратканында кем-карчтарды, кыргыз коомчулугундагы өзгөрүүлөрдү, кемчиликтерибизди мына кашкайта жазып, элдин эсинде кала турган чыгармаларындагы каармандарынын кебетелерин, образдарын аябай жакшылап, жыйынтыктап көрсөткөн ушул Айтматов болду. Көркөм чыгарманы жазгандар чамасына жараша Айтматовдой боло албаса дагы, ошондойго жакындоодо.Ал эми коомдун өтүп жаткан күндөлүк турмушундагы жетишкендиктерди, мүчүлуштүктөрдү, алдыда эмне бизди күтүп турганын, ошол кандайча болгондо жакшы болот эле дегендей, кыргыз коому теги жаңы заманга кадам таштаганда, кандайча кыргыз эли моралдык жактан өркүндөш керек?деген олуттуу проблеманы Айтматов алдына койгон.. Бизде коомубузда жетишпестик болуп жатса, уламдан улам бир кемчиликтер кетип атса, мунун көпчүлүгү өзүбүздөн болуп атат. Кыргыз коомунун мөртөй-шөртөйлүгүнөн болуп жатат. Озгөчө интелигенттердин, болгондо да чыгармачыл интелигенттердин мойнунда чоң милдеттер бар. Ошону өзүнүн атына жараша заты болуп жакшылап аткарып алсак, эң эле сонун болор эле. Чынгыздай адамдардын арбагы өз элине ыраазы болор эле деп ойлом.


Жаркын Темирбаева:-Ар бир эле кыйын адам өзү жашаган коомго ыраазы болбойт деген сөздөр айтылып келет. Мунун себеби эмне? Демек Айтматов да өзү жашаган коомго ыраазы болбодубу?-деген суроо туулат. Айтматовдун пенде катары дейбизби, жазуучу катары дейбизби арманы жана бактылуулугу эмнеде болду дейсиздер?

Бексултан Жакиев: Чыкем менен адеп адабиятка келгенден баштап жакын жүрдук, сырдаш-пейилдеш болдук дегендей. Чет өлкөгө кеткенге чейин да. Кийин байланыш аз болуп калган. Анын үстүнө ал кишиге мындай маалыматты бир-экөө эле телефон аркылуу берип, бөлөктөрдү жамандап, жакшы көрүнгөң киши болот. Бүт жазуучуларды Чыкеме жаман көргөзүп жиберген. Жүрөгүнүн оорушуна бул дагы себеп болбой койгон жок. Чыкемдин арман кылганын көргөн эмесмин.Бул кишинин сабырдуулугунан, акылмандыгынан болуш керек. Кейип-кепчип жиберебизго андай эмес эле. Чыкем кичинекей маселе болсо дагы, аны чоң проблемага жеткирип туруп айтар эле. Бир гана чыгармачылыгынан, мен билгенден бир гана өкүнүчү үч-төрт жолу айтып калды да.Бетме-бетт деген абдан жакшы повест. Адегенде мен окуп алып, тим эле таасирленип, таңатканча ойлонуп чыккамын. Ушундай да таасирдүү, даана так мыкты жазат экен деп. Чыкем айтып жүрду “Мурдараак жазып жибериптирмин, кийин болгондо башкача жазат элем” деп. Анан сурап калчуубуз кандай кылып жазат элеңиз деп. Мен ойлойм жанагы Исмаил тиги Качкын анын тетири жактары көбүрөөк да баягы терс каарман катары ошого басым көбүрөөк жасап, мүнөзүн, психологиясын татаалдатып, тияк-биягынан бери жазайын деген ойдо болсо керек.

Жаркын Темирбаева:- Айтматовдун залкар жазуучу экени жөнүндө ченемсиз байма-бай айтылып жатат.Ошондуктан белгилүү инсандын коомчулукка белгисиз болгон жактарын айтууга убакыт келип турат .Айтматов өзү каалаган, дегдеген чыгармаларын жазууга үлгүрдүбү?

Бектемир Мурзубраимов:-Адегенде мурдакы суроого кошумча пикир айткым келет. Алмустактан бери ар бир кыйын өзү жашаган коомго, өзүнүн жашоо турмушуна ыраазы болгон эмес экен. Баары бир бир нерсе жетишпейт. Канчалык көп иштер жасалса дагы баары бир бир нерсеге нааразы болот. Мен Чынгыз Төрөкуловичтин чыгармаларынын айрымдарынан ушул өзүнүн арман кылганын, ушул жарык дүйнөдө адамдарга нааразы болгонун байкадым. Мисалы “Фудзиямадагы кадыр түндө” Сабырдын ыры менен адамдар качан адам болот, канткенде адам болот деп, ажал айдап турганда, согуштан качып кутулганда жана башка ушул мезгилде дагы ушу адам өзүнүн бүт басып-өткөн жолун унутуп калып эле, баягы адашкан, айрым бир жийиркеничтүү жолго кайра-кайра кадам таштай бергенин ыр менен зар какшап айтат да. Демек адамдар көп жакшы иштерди жасайт. Бирок адамдын негизги максаты тирүүлүктө бир тукум калтырыш, турмушту улантыш. Чынгыздын чыгармаларынын айрымдарында согуш болобу, уруш болобу, кагылышуу болобу, интрига болобу? Алардан да жаманы түйүлдүк пайда боло электе адамды жок кылып, ушуга жасалган аракеттердин болгонуна нааразы болот. Демек мен дагы ушул жагынан карап, жазуучунун арманы ушундай көрүнүш дейм. Акыркы мына жазган чыгармасы “Тоо кулады” дегени аягына чыкпай калгандай сезилет. Саманчиндин образы аркылуу өзүнүн басып-өкөн жолун, биографиясын жазгандай болуп, тоо арстаны жолугабы, жолукса эмне болот? Балким ошол жолугууда өлөт дегендей ой туюм берет . Чынгыз ушул жерде мен ойлойм, өзүнүн келечектеги турмушуна мындай караганда аягына чыкпай калгандай бир тоо кулады деп өзүн эле көрсөткөндөй мамиле жасаган.

Жаркын Темирбаева:- Бектемир мырзанын Айтматов тууралуу айткан пикирин улантып, Бексултан мырза жазуучу катары, бири-бириңиз менен мамилелешкен, ийиндеш чогуу жүргөн киши катары айтсаңыз Айтматов пенде катары, инсан катары коомчулукка анчейин белгисиз болгон жактары, кайгыга кандай карачы эле, чоң адамдын арманы да чоң болот деп калышат.

Бексултан Жакиев:- Чыкем жашоосун майдалап тияк-быякка чарпылган да жок. Жалаң эле иш. Сырттан, дүйнө жүзүнөн келген каттардын көптүгүн, стол үстү жайнап турчу. Ошонун баарына жооп берчү. Таң калчуумун бул киши чыгармасын качан жазат деп. Жазган барактары да ушундай чачылып жатар эле. Бул киши башка жазуучулардай ойноп-күлгөн да жок менимче. Биз карта ойночубуз, бильярд , шахмат ойночубуз. Кээде ээрчишип алып, бирөөлөр гонарар алганда пиво-арак ичип кеткен күндөрүбүз да болчу. Чыкемде андай болгон жок. Жалаң эле иш, эмгектенди. Менимче ушу туура айтылды. Улам жазганынан анан жазалектери көптөй болуп сезилип жүрдү го Чыкеме. Дагы калганы көп. Ошолорду шашып, бүтүрүп калайын деп. Бу адамдын ой-туюмунда жургөн, биз ар бирибиз чийкибиз да. Ошол чийкиликтен качан кутулабыз, ар бирибизде кулдук сезим бар. Ошол кулдук сезимден толук кутула турган бир заман келеби?.Доор келеби? Кийинки чыгармаларынын баарында жаныбарлардын жүрүм-турумун адамдардыкына салыштырып жүрүп атпайбы. Айбандардын кыймыл-аракеттери кээде адамдардыкынан мыкты болуп кетип атат. Ошонун баары Чыкемдин гуманистиги, мыкты ойчул, көз караштары деп ойлойм мен.

Жаркын Темирбаева:- Бүбүйна айым аял катары, эне катары кандай дейсиз. Айтматовдун чыгармасында , адабиятта өзү жашаган коомдо пенде катары арманы болбой койгон жок делип жатпайбы. Эми бул кишинин жеке турмушунда сүйүүдө, махабатта, өмүрү тагдырында арманы эмне болду?

Бүбүйна Орузбаева:-Мына классик болгону “Жамиладан” башталган. Эч ким аялдардын алдыга умтулуусун, өз башына өзү ээ болуп, ошону менен бирге өзүнүн адамдык бийик сапатын жоготпой, өзүнүн ички сезимин турмушка ашырыш үчүн жасаган аракети бул Чыкемдин улуу чыгармаларынын өзөгүн түзөт. Эми атаңгөрү ошол чыгарманы кайрадан дагы окуп, жанагы жулкунуп жүргөн, кээ бир бакырган -өкүргөн аялдар ушуну бир окуп чыкса болот эле. Ушуну бир бүтүн текстин радиодон берип, кайрадан бир элдин эсине салыш керек деп ойлойм. Бул биринчиден, мына өзүбүз көрүп жүрөбүз, сабак алдык, көп нерсени үйрөнө албай калдык. Ушунда да дагы көзү өтүп кеткен баягы, кыргыз айтат: “сыйлашарга жат жакшы, ыйлашарга өз жакшы” деген кеп бар. Эми жанагы бул кишини түбөлүккө калтырууда, көп чоң нерселер менен бирге, майда нерселерди да бирге аткарып барыш керек. Ошон үчүн Айтматовдун укум-тукумдары, өз балдары ушулар дагы жанагы Чыкемди түбөлүккө калтыруу аракеттердин арасында болуш керек. Балдарына да үлгү калтырып, керез кылып айткандыр. Мисалы мына Аалы Токомбаев деген залкар киши болгон да. Ушу кишинин музейи кадимкидей иштеп жатат. Ошону Тамара деген кыздын башын ташка уруп атып аткарган иши бул. Мына ушундай болуш керек экен. Айтматовдун архивин, баскан турганын, кенедей үстүнө кийген кийим-кечелерине чейин, кармаган калемине чейин, сыя челегине чейин ошонун баарын сактап, ошо орундатуу үчүн бала-бакыралары кошо киришиш керек ошол чоң ишке. Дагы бир нерсе, бул сүйүү деген нерсе жазуучунун чыгармалары аркылуу берилди. Сүйүү деген адам баласынын ички сезиминде сактала берет. Ал жөнүндө жазылган раманстар, чыккан ырлар жана башкаларынын бардыгы Чыкемдин чыгармаларына байланыштуу. Мына ошолорго түрткү берген, жанагы сюжеттик канвасы деп коет. Ошону таштап кеткен Чыке болду. Чынын айтканда эми сүйүү деген эчким башкарып анан токтоп кал дебейт турбайбы. Мына ошондуктан Чыкемдин сүйүүсүнө реалисттерче караш керек.

Бексултан Жакиев:-Сүйө билбеген да кишилер болот. Бирок, сүйө билген киши бактылуу киши болот.

Бүбүйна Орузбаева:-Туура айтасың Беке! Бу, жашоодогу пендечилик да.