АКШ президенти менен Ирактын өкмөт башчысы сүйлөштү

Видеоконференция түрүндө болгон сүйлөшүүдө Жорж Буш менен Нур аль-Малики эки тараптуу коопсуздук маселесин жана 31-июлга чейин келишимге жетишүүнү талкуулашты. Ал келишим боюнча АКШнын аскерлерин Иракта узак убакыт бою жайгаштырунун шарттары аныкталыш керек. Ошол эле кезде Ирактын эгемендүүлүгүнө шек келтирбөө маселеси да чечилүүгө тийиш.