АЗЫК-ТҮЛҮК КААТЧЫЛЫГЫН МЫЙЗАМ МЕНЕН ТОСО АЛАБЫЗБЫ?

Жогорку Кеңеш бүгүн “Азык түлүк коопсуздугу” боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам өлкөнүн азык түлүк --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/06/2CC5C5DD-041C-42CF-91D1-79EE6400BD81.asp коопсуздугун камсыздоо жаатындагы негизги багыттарды белгилейт. Ошондой эле азык түлүк коопсуздугу деген түшүнүктү, ага коркунуч туудурган факторлорду жана эң зарыл делген азыктар менен камсыздоо өлчөмүн аныктайт. Талкуу учурунда айрым депутаттар мыйзам долбоору өтө эле чийки даярдалганын, аны кайра иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти. Бирок ага карабай долбоор көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.
Бул мыйзам долбоору боюнча парламентте экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров баяндама жасап, анын максатына токтолду:

- Мыйзамдын максаты – калк үчүн керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарын камсыздоого жетишүү шарттарын түзүү. Аталган мыйзамда азык-түлүк коопсуздугунун негизги түшүнүктөрү, элементтери жана аны камсыз кылуу механизмдери берилген.

Буга чейин тиешелүү комитеттерден жана “Ак жол” фракциясынан колдоо тапкан бул долбоор парламентте көп деле талаш-тартыш туудурган жок. Эки-үч депутат суроо берип, дагы эки-үч депутат жарыш сөзгө чыккан соң, талкуу аяктап, маселе добушка коюлду. Жарыш сөзгө чыккан депутаттар негизинен мындай мыйзам зарылдыгын белгилешти.
СДП фракциясынын депутаты Руслан Шаботоев болсо долбоор өтө эле чийки деп эсептейт:

- Бюджеттен каражат каралган жок, экинчиден матрезервдеги буудай кайсы кампада, кайсы баада сакталаары көрсөтүлгөн эмес. Анткени мамлекетке тиешелүү кампалар сатылып кеткендиктен буга чейин буудайды жеке ишкерлер менен келишим түзүп, сактап келген. Чүйдө эгинди үшүк алып кеткенин эске алсак быйыл күз бир топ эле оор болчудай. Кризиске каршы туруп бере алабызбы, жокпу белгисиз. Бул мыйзам азык-түлүк каатчылыгына көп деле таасир эте албайт, анда принципиалдуу нерселер жок, декларативдүү эле мыйзам болуп калган.

Депутат Руслан Шаботоев талкуу учурунда долбоорду кайра иштеп чыгууга жиберүүнү сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок.

Депутат Исхак Масалиев кандай болгон күндө да мыйндай мызйам керек деген пикирде:

- Чийкиби, бышыкпы баары бир бул мыйзамды кабыл алыш керек. Өзгөчө дүйнөлүк кризис болуп аткан азыркыдай шартта сөзсүз өзүбүздү коргоп, ага каршы тиешелүү иш чараларды жүргүзүш керек. Ал максатына жетер-жетпесин эми убакыт көрсөтөт.

СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов болсо аталган мыйзамды өкмөттүн “биз элге кам көрүп жатабыз, биз кайдыгер эмеспиз” дегендей аракети, кайрылуусу катары баалайт.

Бул мыйзам долбоорунда калктын жакыр катмарына колдоо көрсөтүү да каралган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өлкөдөгү каклтын 2 миллион 70 миңдейи жакыр катмардын катарына кирет. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун эсебинде, учурда 800 миңдей адам жалаң пенсия, пособиенин көзүн карап жашайт. Мыйзамда калктын ошол катмарына даректүү жардам көрсөтүү, азык түлүктү арзан баада сатып алуусуна шарт түзүү каралган:

- Ачкачылык азык-түлүктүн жоктугунан эмес, кескин кымбаттап кетишинен болуп жатат. Биз бул мыйзам менен пенсия, пособие менен жашагандарга өз мүмкүнчүлүгүнө жараша азык-түлүктөрдү сатып алуусуна механизм түзүп берип жатабыз. Аларга базардагыдан арзан баада гана сатып алууга шарт берилип жатат, бекер таратылбайт.

Министр Акылбек Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ошондой эле учурда өлкөдө эки жарым миллиондой адам уюлдук телефон көтөрүп жүрөөрүн айтып, мындай телефон көтөргөн киши нандын баасы арзан же кымбат болуп жатканы менен анчалык деле иши жок болсо керек деген пикирин кошумчалады. Ошентип “Азык түлүк коопсуздугу” боюнча мыйзам долбоору парламентте көп деле талаш-тартышсыз, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.