16:18 “Акжол” партиясы экономикалык саясатты талкуулайт

Партиянын Жалалабат аймактык бөлүмүнүн ушул маселени карай турган жыйыны 21-июнда облустук Барпы театрында өтөт. Ага 350 делегат чакырылган. Жыйынга чейин «Акжолдун» район-шаарлардагы координаторлору,айыл өкмөт жана жергиликтүү Кеңештертин депутаттары үчүн партиялык курулуш боюнча семинар өткөрүлөт. Мындай маалымат 19-июнда аталган партиянын облустагы координатору Абдымалик Бектемировдон алынды. (YA)