Мындан эки күн мурда былтыр киши колдуу болгон эркин журналист Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов президент Курманбек Бакиевге кайрылып, баласынын тергөө иштеринин жүрбөй жаткандыгына --> http://www.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/06/75794A13-6725-479E-A14A-7E43C3A77FBB.ASP нааразычылыгын билдирген эле. Маркумдун атасы менен Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев маектешкен эле.
- 26 жашында киши колдуу болуп кеткен Алишердин жесири Назокат, кызы Зулайхо аман турушабы?
- Кудайга шүгүр экөө тең жакшы, неберем чоңоюп 9 айлык болуп калды, басайын деп атат.
- 24-майда Президент Бакиевдин наамына кат жолдогон экенсиз. Мына андан бери бир айга чукул убакыт өттү, жообу кандайча болду?
- Азырынча жооп келелек, күтүп атам жоопту.
- Сиз ошол катыңызда: «Оштун милициясы, УКМКсы жана мэриясы качантан бери Өзбекстандын атайын кызматынын штаб-квратирасы болуп калган?» деп маселени кабыргасынан коюпсуз. Балким, билгениңиз бардыр?
- Ооба, азыр мен бардыгын толук айта албайм, айтпайм дагы. Бардыгына өзүмдүн далилдерим бар. Биринчи айтаарым, ошол күнү балам саат 7-15те атылган болсо, бизге сегизде келип дароо айткан жок. Эки баланы ички иштер башкармалыгына алып келип, саат 11ге чейин кармап турушкан. Ошонун алдында милиция бала офиске кирип, Алишердин кол телефонун, документтерин алып кетишкен. Бул эмнени билдирет. Булар билген. Икбал Мирсаидов деген мурда Алишер менен иштешкен, мугалим болгон, азыр чекте отурат экен.
- Икбал Мирсаидовду эскерип кеттиңиз, бул президенттин алдындагы стратегиялык институттун баш эксперти болуп иштеп жүргөн жигит эмеспи?
- Ошол киши. Мен буга жетишээрлик далилим бар. Кылмышка катышы болгондор бар күч органдарынан.
- Башынан айтып келатасыз да, уулуңуздун өлүмүн Өзбек Президенти Ислам Каримов заказ кылган, аны Кыргыз милициясынын жана КГБсынын кызматкерлери аткарууга жардамдашты деп. Ушундай шек санооңуз канчалык деңгээлде чындыкка жакын?
- Бул шексиз саноо эмес, бул факт. Проценттик негизде ала турган болсок, азыр 100 эмес, 150 пайызга ишенем буга. Буга жетишээрлик далилдерим бар.
- Өлүмдүн башкы буюртмачысы катары өзгөчө кимден шек санайт элеңиз?
- Башкы буюртмачысы бул Өзбекстан Республикасынын президенти Ислам Каримов. Ага жардам бергендер Оштогу анын малайлары. Ошонун акчасына көз кызарткан пагондор бар, лидерлер бар. Ошолор жардам берген.
- Милиция, укук коргоо органдары дагы айтып атпайбы, Алишерди өлтүргөндөрдүн изи табылды. Кудай кааласа жакында бетин ачабыз деп сүрөттөрүн жарыялап атат. Бирок азыр жыйынтык чыга электей..?
- Жыйынтык чыкпаганын себеби, биринчиден биздин күч органдар, жергиликтүү бийлик органдардагы адамдар өздөрү катышы бар болуп атат. Азыр Каримов өзүнчө амбиция кылып жүрбөйбү, мен Борборазияда эң кыйын президентмин деп. Билем, Каримовдун колу узун. Мисалы, Ошто өзбек кызматы жайылып басып жүрөт.
- Эми акыркы үмүт кимде калды?
- Акыркы үмүт кайталап айтам, менин оюмча президентте. Башкадан үмүт кылбайм.
- Авас аке, маегиңиз үчүн ырахмат! Өзүңүзгө жана үйбүлөңүзгө аманчылык тилейбиз.