БРИТАНИЯНЫН ЕВРОБИРИМДИК ИРАНГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗҮҮГӨ ДАЯР ДЕГЕН СӨЗҮ ЧИЙКИ ЧЫКТЫБЫ?

Британ өкмөт башчысы Гордон Браун кечээ (дүйшөмбүдө) АКШ президенти Жорж Буш менен жолуккан соң, Евробиримдик Иранга каршы катаал чектөө киргизүүгө дээрлик даяр экенин билдирген болчу, бирок Европа Биримдигинин басма сөз өкүлү азырынча Иран жаатында эч кандай макулдашуу быша электигин билдирди. Расмий Тегеран болсо өзөктүк долбоорунан эч баш тартпай тургандыгын, долбоор тынчтык максатты гана көздөөрүн белгилеп, уранды байытуу аракеттери мындан ары да улантылаарын бүгүн дагы бир ирет тастыктады.
Кечээ (дүйшөмбүдө) Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун Лондондо чыгып сүйлөп, Британ өкмөтү жалпы Евробиримдик лидерлерине Тегерандын өзөктүк долбоору боюнча катаал чаралар көрүү чакырыгы менен кайрылып жатканын жана Европа бул чакырыкка оң жооп бериши ыктымал экенин ишенимдүү сүйлөгөн. Ал Британия тарабынан Тегеранга карата киргизилчү айрым чектөө чараларын да ачыктаган.

- Эгерде Иран Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын жана биздин кызматташтык тууралуу сунуштарыбызды көз жаздымда калтырууну уланта берчү болсо, анда бизде чектөөлөрдү күчөткөндөн башка эч арга калбайт. Бүгүн Британия Европаны Иранга карата мындан аркы жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө макулдук берүүгө чакырмакчы жана Европа буга макул болот. Биринчиден, биз Ирандын эң чоң банкы – Улуттук банктын чет өлкөдөгү каражаттарын бүгүнтөн тартып тоңдурмакчыбыз, экинчиден, мунайзат жана газ жаатында жаңы чектөөлөрдүн баскычын бүгүнтөн тартып жүзөгө ашырабыз.

Гордон Браундун мындай сүрдүү билдирүүсү, арийне, кыйла жоромолдорду жаратты. Маселен, Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Хавиер Солананын басма сөз өкүлү Кристина Галлак айым Иранга чектөө киргизүү маселеси дүйшөмбү күнкү Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын күн тартибине да кирбегендигин тастыктады. Бирок Евробиримдик бул маселеге кайрылбай койбойт, деди Галлак.

Серепчилердин айтымында, Браун сөз кылган Ирандын мунай жана газ экспорттоосуна чектөө киргизүү, албетте, экспорттук кирешеге ынтызар Тегеран үчүн өтө оор кесепет алып келиши мүмкүн. Бирок Улуттук банктын каражаттары жаатына келсек, аны тоңдуруу – саал кечиккен чара болушу да ажеп эмес. Анткени, айрым маалыматтарга караганда, Иран өзүнүн 75 миллиард доллардык акча каражатын жакынкы учурларда Европадан чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Бирок бул окуя качан жүзөгө ашырылганын ал тууралуу жазган ирандык жумалык гезит "Шахрванд-и Эмруз" ачыктаган эмес.

Расмий Тегеран шейшембиде (17-июнда) өзүнүн өзөктүк долбоору тууралуу турумун дагы бир ирет тастыктап, мындан ары деле уран байытуу иш-аракеттерин уланта берээрин билдирди. Иран тышкы иштер министринин орун басары Алиреза Шейхаттар “эми уранды байытуу технологиясынын ыракатын көрүшүбүз керек” деди.

Тегеран өткөн апта соңунда Европа Биримдигинин уран байытууну токтотууга чакырган жаңы демилгесин четке каккан болчу. Бул жаңы кырдаал эми Европа Биримдигинин Иранга карата кыйла катаал чараларга барышы үчүн өбөлгө түзүшү да ыктымал, дешет батыштык серепчилер.