КОСОВОДО КОНСТИТУЦИЯ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Косовонун жаңы Конституциясы Сербиядан көз карансыздыгын --> http:// http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/0A6C20FF-41B5-43A5-A1CF-324542613413.asp жарыялагандан төрт айдан соң күчүнө кирип олтурат. Президент Фатмир Сейдиунун Приштинадагы салтанатта билдиргенине караганда, "жаңы Конституциянын күчүнө кичине кириши -мамлекетти куруу цикли аяктаганынын белгиси". Салтанатка Еврошаркеттин атайын өкүлү катышты. Бирок Улуттар уюмунун бул жердеги администрациясы косоволуктарга бийликтин канчасын өткөрүп берери азырынча анык белгисиз. БУУнун Коопсуздук кеңешинде Косоводогу миссиянын болочогу тууралуу карама –каршылыктар сакталууда.
Косовонун президенти Фатмир Сейдиу жаңы Конституцияга ылайык бүгүн мыйзамдардын бир нече топтомуна кол койгон соң Приштинадагы басма сөз жыйынында буларды айтты:

-Менимче бул Косово үчүн тарыхый учур. Көз карансыздык декларациясы жарыялангандан соң жактырылган Конституция бүгүн күчүнө кирүүдө. Муну менен Косово үчүн мамлекетти куруунун цикли аяктоодо. Мыйзамдарга кол коюлушу Косовонун мамлекеттик институттарынын багыты жана иши үчүн милдеттемеси. Бул ошондой эл аралык коомчулук жана Еврошаркет үчүн Косово жогорку эларалык баалуулуктарды кабыл алган жана аны улантуучу демократиялык өлкө экендигин көргөзгөн маанилүү белги.

Бул аралыкта Сербиянын президенти Борис Тадич кабарчылар менен болгон маегинде алар азыр деле Косовону өзүнүн бир бөлүгү катары эсептерин жана анын Конституциясы мыйзамсыз экенин билдирди.

Жаңы Конституция аркылуу косоволуктар мамлекетке тиешелүү расмий бийликти өз колдоруна алууга даяр экенин көргөзүшүүдө.1999-жылы НАТОнун аскерий кампаниясынын аркасында Косоводон серб күчтөрү сүрүлүп чыгарылгандан бери мамлекетке караштуу бийлик -укуктар Улуттар уюмунун бул жердеги администрациясына таандык. Эми Конституциянын күчкө кириши менен БУУ ошол ыйгарым укуктардын канчасын косоволуктарга өткөрүп берери азырынча белгисиз.

Башкатчы Пан Ги Мун мурдараак БУУнун өкүлчүлүгү полиция жана сот тарамагында бийликти өзүндө калтырыш ккректигин айтып чыккан. Анын мындай планын расмий Приштина сынга алган болчу.

БУУнун башкатчысынын планы боюнча Еврошаркеттин Косового жиберилген EULEX миссиясы да кандайдыр бир деңгээлде Улуттар уюмунун көзөмөлү астында иштөөсү керек. Еврошаркеттин экт миң адамдан турган миссиясынын курамында полицейлер, соттор, административдик кызматкерлер бар. Шаркет башында ал Улуттар уюмунун миссиясын алмаштыруусун сунуш кылган эле.

Ушуга окшогон белгисиздик, байкоочулардын баамында, жөн гана Улуттар уюмунда Косово көз карандысыздык жарыялагандан кийин бул жердеги миссиянын болочогу боюнча талкуулар али уланып жатканынын натыйжасы.

Сербиянын эң жакынкы өнөктөшү катары эсептелген Орусия БУУнун Косоводогу миссиясын жоюу маселеси Коопсуздук кеңешинде добушка коюлса, вето саларын эскерткен. Миссиянын кетиши Косовонун көз карандысыздыгын таануу дегенди туюндурмак. Москва мындайга макул эмес.

Ортодогу талаш –тартыштар тараптардын баарын, анын ичинде Косовонун мамлекеттүүлүгүн кызуу колдоп келе жаткан Кошмо Штаттар убактылуу болсо да өздөрү үчүн ыңгайсыз абалга көнүүгө мажбур болот окшойт. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Чейз Бимер "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түштүк славян жана албан кызматына ушул аптада берген интервьюсунда Вашингтон БУУнун башкатчысынын Косоводогу миссияны кичирейтүү планын колдоорун билдирди:

-Биз албетте башкатчынын Косово өнүгүп жаткан кырдаалга ылайыкташуусу керек, Улуттар уюмунун Косоводогу миссиясы конституция күчүнө киргенден кийин "утурумдук администрация катары" өзүнө тагылган милдеттердин көбүн натыйжалуу аткара албайт деген баасы менен макулбуз.

Айтор азырынча анык болуп турган бир нерсе - Улуттар уюму жакынкы аралыкта эле Косоводон толук чыгып кетпей тургандыгы.

Косоводо ошондой эле жергиликтүү бийликти ким аткарары, ар кайсы аймактарда, анын ичинде сербдер үстөмдүк кылган аймакта жергиликтүү бийликтин чеги кандай болору боюнча да али түшүнүксүз жагдайлар көп.