“ЭНЕ БОЛГОН ӨЗӨН МЕНЕН, АТА БОЛГОН МЕКЕН МЕНЕН КОШТОШУП АЛСЫН!”

Чыңгыз Айтматовду түбөлүк жайына берип, топурак салганы келгендердин көбү бийлик билермандарынын чектөөсү менен “Атабейитке” жете албай калышты. Ушуга үндөш жагдайды жазуучунун өзү айтылуу “Кылым карытар бир күн” романында космостук ширинин туткунунда калган “Анабейит” аркылуу таасын сүрөттөгөн эле. Алп жазуучу тууралуу “Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” пикир алышуусуна келген кесиптештери ой бөлүшөт.
Бекташ Шамшиев: - Кыргыз журту кара сөздүн алпы, дүйнө адабиятынын таанымал устаты Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатты. Бүгүн биз студияга белгилүү акындар Токтосун Самудинов менен Байтемир Aсаналиевди, карасөзчү Жакып Медетовду чакырганбыз. Токтосун ага, Ч.Айтматовду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү кандай өттү?

Токтосун Самудинов: - Биз, кийинки муун адабият бучкагын кармап жүргөн Чыкемин инилери, үчүн бул адабият коомубуздун күзгүсү эле, Чыкем болсо адабияттагы сыйынар пайгамбарыбыз эле. Ушул адамдын кетиши кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн чоң жоготуу. Кыргыз баласы биздин асаба туубуз жыгылгандай, ийилгендей болуп турган кези. Уюштуруу маселеси жүрүп жатат. Мындан да тартиптүүрөөк, иреттүүрөөк уюштурса болмок. Ошого менин да кичине капа жагым бар. Анткени Чыкем менен коштошууга, топурак салууга үлгүргөндөй болсок болот эле. Атүгүл биздин кээ бир жазуучулардын топурак салганга шартын иреттешпептир. Ушул абдан капалуу иш болду.

Бекташ Шамшиев: - Байтемир ага, эли сүйгөн улуу жазуучу менен коштошуу жөрөлгөсү кандай өткөнү тууралуу сиздин пикириңиз кандай?

Байтемир Асаналиев: - Чыкем баарыбыз айтып аткандай кыргыз элинин асаба туусу эле. Чыкебиз бар деп баарыбыз таяныч тутчу элек. Жазмыш деген ушул экен Чыкем арабыздан кетип, элибиздин эки бөйрөгү эңшерилип турат. Айрым кесиптештер айткандай, Ч.Айтматовду узатуу жөрөлгөсүн мындан да иреттүү, уюшкандыкта жасаса болмок. Мыногу филармониянын кирген-чыккан жери тар экен. Эл түртүшүп, сыгылышып, балчык кечип, биртоп ыңгайсыздыктар болду. Чыкем баарынан мурда жазуучу эле, улуy калемгер эле. Эми ушу жазуучулардын көбү, атүгүл облустардан келген кесиптештерибиздин көбү колубуз менен топурак сала албай калганыбыз биздин кабыргабызды аябай кабыштырып турат. Ушуну Чыкемди акыркы сапарга узатуу боюнча түзүлгөн комиссия калемдеш, кесиптештерин эске алып көбүрөөк орун караганда болмок. Биз буга нааразыбыз.

Бекташ Шамшиев: -Жакып ага, Ч.Айтматовду узатуу жөрөлгөсү кандай өттү?

Жакып Медетов: - Чыкемди узатыш үчүн миңдеген адамдар көчө толо келип, элдин кабыргасы кайышып турду. Чыкем чыгармачыл гана инсан эмес, бийик адмгерчиликтеги адам болчу. Чыгармачылыгы, кеменгерлиги, олуялыгы аркылуy ар бир кишинин жакын адамына айланып калган. Узатуу жагына келсек, баарын тегиз ойлоштуруш, төгөрөгүн төп кылыш кыйын экен. Аны акындар айтып олтурушат. Мен бир нерсени айтып кетейин. Өзү менен жолукканда эки ыр айтып бердим эле.

Жок кыла берип улам чыгаандарды,
Кыргыздан чыккан мыкты кыраандарды,
Эл ичи жакшыларга болуп жарды,
Падыша болор киши калбай калды,
Айткыла мындан ашкан арман барбы,- деп айттым.

Анан экинчиси:
Күлүктүн күнүн күүп күйбөгөн бар,
Дүйнөдө жакшылыкты сүйбөгөн бар.
Табияты кара ниеттиктен багыт алып,
Кубат алып,
Суу эмес, уу үстүндө гүлдөгөн бар, Чыке. Анан дагы бир макал кошуп коеюн деп мындай макал коштум: “Бий болбогон бий болсо өзүнүн кул экенин билгизет. Күн көрбөгөн күн көрсө күндүз чырак күйгүзөт”, десем Чыкем сурап калды. “Ой биринчисин дароо эле түшүндүм. Экинчисинин мааниси кандай экен?”

Анан мен айттым. “Казаны сууга түшүп калган тагдырына нааразы болуп, өлүмдү элестеп калган кишинин башына кокустан бак конуп, анан ошол киши эл башкарып калса, ал киши жарыктыктын, ыйыктыктын баркын кетирет, ушунy айтат”, десем, “О, айланайын кыргызым, олуя турбайбы”, деп Чыкем, дүйнөнү акылы менен калчап отурган Чыкем, бир кичине макалга ушунчалык маани берди. Мына ушундай кишибизден айрылып отурабыз.

Бекташ Шамшиев: - Кыргыз канатынан кайрылып, аскар тоосунан айрылганы дагы далай айтылар. Токтосун ага, улуy кесиптешиңиз, замандашыңыз дүйнөдөн көчтү. Анын атын калтыруу, китептерин элге жеткирүү сындуу иштер жасалышы керек деп ойлойсузбу?

Токтосун Самудинов: - Кыргыз баласы, кыргыз кыргыз болмогу, кыргыз атка конгону Чыкемдин “Аккемесинде” легенда-уламыш бар эмеспи. Күлчө баатырдын сөөгүн жерге берип жатканда бир керемет ой айтылат.

Эне болгон Өзөн менен,
Ата болгон Мекен менен коштошуп алсын!
Энесай, сендей жайкын өзөн барбы,
Энесай сендей жаркын Мекен барбы?
Энесай сендей кыйын азап барбы?
Энесай сендей ыйык азап барбы,- деп айтылат.
Муну эми Алатоого да байланыштырсак болот. Нарын дарыясына да байланыштырсак болот. Ошондо айтылган бир жер бар эмеспи.

Алдыңда өзөнүң калды жайкын, Үстүңдө Теңир ээлеген көгүң турат. Өзөктүү өз тукумуң калың журтуң, башыңды ийип астыңда турат азалуу. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, деп Күлчө баатыр менен коштошот. Ошондой эле Чыкем менен коштошуп турган, арманыбыз аттын башындай болуп турган кези. Чыкем, улуу Пушкин айткандай өзүнө өзү эстелик курган адам. Бул кишинин көк тиреген улуy эстелиги бар. Менин оюмча, Чыкемдин кадыр-баркы көзү тирүү кезиндегиден да бийик, биздин келечек муундар муну казып окуй турган тереңдеп окуй турган учурлар алдыдабы дейм. Улуу адамдын өмүрү көзү өткөндөн кийин кайра башталат. Чыкемдин атын, жаркын элесин сактоо боюнча аракеттер жасалышы керек. Чоң-чоң көчөлөргө, жолдорго аты берилиши керек. Эми анын баары алдыдагы нерселер. Кыргыз элинин кадырын, баркын көкөлөткөн адамды биз эми кыргыз баласы, кыргыз тукуму, кыргыз эли эч качан унутпашыбыз керек. Өзүбүздүн даражабызды сактай жүрүшүбүз керек.

Бекташ Шамшиев: - Байтемир ага, Чыңгыз аганын о дүйнө салышы кыргыз элин жетимсиреткен окуя болду. Ч.Айтматовдун бай адабий мурасын иликтөө, жарыялоо, тааныштыруу, анын балбылдап күйгөн жылдызын өчүрбөш үчүн эмне иштер жасалышы керек?

Байтемир Асаналиев: - Чыкебиз улуу калемгер, улуy ойчул. Бу кишинин өзүнүн кадырын дагы, чыгармаларынын барк-баасын буга чейин биз жетиштүү баалай албай келдик. Чыгармалары тууралуу айтсак, негизи өзү кыргыз эли китепти аз окуган эл экенбиз. Ошол Чыкемдин жазгандарын түшүнүп-түшүнбөй келдик. Эми мындан ары Чыкемин атайын өзүнүн институтун уюштурабы, же Илимдер академиясынын алдында сектор ачабы, керек болсо анын чыгармаларынын академиялык басылышын даярдап, калган чыгармаларын элге жеткириш керек. Мында эми терең ойлор, бир окуу менен түшүнбөй турган тереңдиктер жатат. Ошолорду кайра-кайра окуп, а кишинин мурастарына жеткире баа беришибиз керек. Дагы бир жакшы ойлор айтылып жатат. А.Акаевдин китепканасы деген жерге ушу кишинин китепканасын уюштуруп, адабий музейин уюштуруп, анан ушул Көлгө да өзү ниет кылып бир маданий борбор салдырам деп жүргөн экен. Чыкемин ишке ашпай келаткан ой-тилектерин ишке ашырышыбыз керек. 137 киши набыт кеткен ыйык жер “Атабейитке” ушул кишинин сөөгүнүн коюлушу туура болгон деп эсептейм. Каржыга, башкага таяй бербей, азыртан кам көрүүнү башташ керек. Ансыз деле Алатоо барда, кыргыз барда бул кишинин аты өчпөйт. Бирок биз да аны элге толук жеткирүүгө жапатырмак жалпылап аракет кылышыбыз керек.

Бекташ Шамшиев: - Жакып ага, Чыңгыз агабыздын көзү өтүп кетти, артында ополтоо эмгеги калды.

Жакып Медетов: - Калеминин учу тийген кагаздын баарын ыйык катары сакташ керек. Комиссия ошону иштеши керек. Экинчиси, бүтпөй калган чыгармаларын иликтеп, комментарийлер жазып, аларды тумар сындуу сакташ абзел. Ал үчүн музей зарыл. Чыңгыз аганын туулган жери Шекерди музейге айлантыш керек. Бу кишинин кол жазмаларын түшүнүш үчүн деңгээл керек. Көрүш үчүн көз керек. Көкүрөк керек, туюм керек. Мына ошол комиссияны ошондой ишти аркалап кете ала турган адистерден түзүш керек. Анда көрөгөч көсөм адамдар иштеши керек. Бул кишинин жазгандары, жазылып бүтө элек чыгармаларында мүмкүн ачылалек мейкиндер жаткандыр. Мына ушулардын баарын иштеп чыксак, анын артында калтырган чыгармалары, жазгандары тегирмендин парасындай иштеп турган динамиканы берет деп ишенем.

Бекташ Шамшиев: - Эми кебибизди жыйынтыктасак. Чыңгыз Айтматов кетти. Токтосун ага, кыргыз адабиятынын мындан кийинки тагдыры кандай болот?

Токтосун Самудинов: - Жазуучулар союзу жөнүндө айтсак, бир учурларда ал сүрөткерлердин башын кошкон бирикме катары уюшулган экен. Бирок жазуучу деген өзүнчө дүйнө. Ал команда, өкүм буйрук менен же кеңешип-таңашып иштей турган жалпы иш эмес. Жазуучулар союзу тууралуу сөз ал өзүнчө. Биз Чыкем сындуу таланттар, ополтоодой таланттар чыкса экен деген тилек менен жашап жатабыз. Тагдыр деген ушул экен.

Бул өзү бир жүз жылда андан узак мезгилде жаралчу, адам баласынын жышаанына, маңдайына туура келген иш болот экен. “Кызыл от кысыр калбас” деген тилек менен Чыкемин арты жакшы болот деген үмүт менен жашап жатабыз. Анан Чыкем өзү пайгамбар экен. Физика мыйзамында мына бул 8 деген сан түбөлүктүү дегенди түшүндүрөт. Чыкем 28-жылы туулган. 58-жылы ал дүйнөгө кыргыз баласын, кыргыз дегенди дүйнөгө тааныттты. Мына 8-жылы дүйнөдөн кайтып олтурат. Бул 8 түбөлүк деген белги болот экен. Ушул жышаан да бекер эмес окшойт. Чыкемдин өмүрү, чыгармачылыгы бул түбөлүккө кеткен дүйнө. Бул кыргыз баласы кыргыз атын дүйнөгө тааныткан Чыкеме ыраазыбыз, Чыкем да бизге ыраазы болсун! Биз кыргыз эли миң-мертебе ыраазыбыз бул кишинин кызматына.

Бекташ Шамшиев: - Байтемир ага, ушундай кайгылуy сааттарда эмне деп айтар элеңиз?

Байтемир Асаналиев: - Жазмыш деген ушул экен. Тагдыр деген ушул экен. Күтүүсүз жерден ополтообуз кулап калды. Чыкемди берген, Манасты берген Теңир кыргыз элинин шыбагасын дагыле кур койбос.

Бекташ Шамшиев: - Эми кеп сизде, Жакып ага. Чыкебиз кайтпас сапарга кетти...

Жакып Медетов: - Жана Токтосун 8 деген сан чексиз деп айтпадыбы. Ичимен ошол 8 деген санга сыйынчы элем. Ошентип жүрүп “Үйүр” деген повестимди бүтүргөм. Шарты келип калса быйыл жарык көрөбү деп турам. Улуу ишке, элдин кызматына жарай турган кишилердин образын жараткан элем. Ушул кубатты, ушул сыйынуну жүрөгүмдө сактай берем.

Бекташ Шамшиев: - “Азаттыкка” келип маек куруп бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!