Расизм дүйнөдө жаңы проблема эмес. Бирок Россияда ал акыркы кездерде ооздукталгыс күчкө айланып баратат. Быйылкы жылы эле улутчулдар менен ар түрдүү кылмышкерлер колунан түсү буруу 57 киши набыт болду, алардын басымдуу көпчүлүгү -борборазиялык мигранттар. Байкоочулар россиялык расизм акыркы жылдары дал ушул аймактан чыккан келгиндерди бутага ала баштады дешет.
Камола – отуз алты жашта,Өзбекстандан Москвага иш издеп келип,ушу жерде туруп калды. Өткөн айда аны жумушка бараткан жолдо метродон чыга бериште сабап кетишти. ”Эки киши артыман келип, башка-көзгө муштап, мурдуму былчыйта коюшту. Эмне болгонун түшүнбөй калдым, эч кандай деле жазыгым жок эле, болгону алар мени түсүм буруу болгону үчүн гана уруп кетишти”,- дейт Камола.
Москвадагы “Сова” аттуу уюмдун эсебинде Камола сыяктанып кырмабаштар менен неонацисттерден токмок жеп, ар түрдүү жаракат алгандар саны өткөн беш айда эле 120дан ашты, өмүрү кыйылгандар 57ге жетти. Буга караганда быйылкы көрсөткүч былтыркы чектен ашат болуш керек: өткөн жылы сексен киши расисттердин колунан ажал тапкан эле.
“Сованын” орунбасар директору Галина Кожевникова 57 деген сан өтө эле азайтылып берилген цифра экенин, бу жагынан маалымат алуу өтө кыйын болуп калганын, укук колдонуучу органдар мындай иштерди бас-басты кылып салышарын билдирди.
Камерундан келип, Санкт-Петербургда окуп жүргөн Деффо аттуу студент жигит соңку жылдары неонацисттер менен улутчул чаарбаштар өңү караларга баштагыдай өчмөнтөйлүгүн көп көрсөтпөй калышты дейт. Анын байкоосунда курулушта, базарда иштегени келген тажиктер менен өзбектер өзгөчө көбөйүп кетти. Аларды орус жаштары,айрыкча өспүрүмдөр куйкасы курушуп кабыл алышууда. “Кырмабаштар бир кезде африкалыктарды көргөндө колу кычышып турчу эле,эми алардын ордуна мигранттарга тиш кайрап калышты”, - дейт Деффо.
Бул пикирди “Сова” уюмундагылар да тастыктайт. Алар да соңку кезде африкалыктарга же кавказдыктарга караганда ортоазиялыктар расисттердин башкы бутасы боло баштады дешет. Беш айдын ичинде бычак жеп, же катуу токмоктон улам каза болгон 57 адамдын 31 өзбек, тажик жана кыргыз улутундагылар болду. ”Буга бийликтер шыкакчы болууда, - дейт укук коргоочу ветеран-активист Светлана Ганнушкина.
"Анткени азыр ортоазиялык келгиндер кулчулук жумуштарда пайдаланылган негизги материалга айланды. Алардын эмгегин эксплуатациялап жаткандарга өз укуктарын талаша албаган, коркок жумушчу күчтөр керек. Мындан бийлик утуп жатат, неге дегенде бийлик ушул структураларга жакын турат."