Улуттар уюму өткөрүп жаткан азык-түлүк саммитинин катышуучулары кечээ кымбатчылыкка каршы күрөшүүнүн стратегиясы боюнча мунаса макулдашууга жетишти. Саммиттин жыйынтыктоочу документинин долбоорунда дүйнөдө азык –түлүк өндүрүшүн көбөйтүү жана анын соодасындагы чектөөлөрдү азайтуу, өтө талаштуу маселе – биоотунду пайдалануу боюнча көбүрөөк иликтөө жүргүзүү чакырыктары айтылган. Бул документти саммитке катышкан 180 өлкөнүн делегаттары колдошту.