КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЙА ЭЛЕК

Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында тураары эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө айтылып келет. Бирок бийлик өкүлдөрү соңку жылдарда өлкөдө коррупцияга каршы бир катар алгылыктуу иштер жүргөнүн, ага мамлекеттик бюджеттин мурдагыдан эки эсеге көбөйүшү далил экенин айтышууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте башталган “Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш: проблемалар жана келечек” деп аталган эл аралык жыйында да сөз болду.
Коррупцияга каршы күрөшүү чаралары талкууланып жаткан бул эл аралык жыйынга Малайзиянын, Пакистандын, Казакстандын, Лативянын жана башка өлкөлөрдүн, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Кыргыз президентинин админстрациясы коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик жана эл аралык Трансперенси Интернешнл уюму менен биргелешип уюштурган бул жыйындын ачылышында Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов азыр системалуу негизде коррупцияга каршы күрөшүү ири алкактагы ишти жүргүзүүнү талап кылаарын айтып, конференциянын максаты - коррупциянын алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун өз ара аракетин күчөтүүнүн макулдашылган чараларын иштеп чыгуу экенин белгиледи.

Кыргыз президентинин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытов болсо коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин бир топ алгылыктуу иштер жүргөнүн, бүгүнкү жыйын ошол иштердин натыйжасы менен эл аралык коомчулукту тааныштыруу, бул жаатта тажрыйба алмашуу максатын да көздөөрүн айтат:

- Кыргызстан коррупция күч алган өлкөлөрдүн катарында экенин айрым эл аралык уюмдар айтып келишпедиби. Бирок 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин келген бийлик коррупцияга каршы күрөшүү жаатында колдонулган чаралардын негизинде бир топ иштер жасалды. Өлкө бюджети ошол 2005-жылга чейинки бюджеттен эки эседен ашык көбөйдү. Бул ошол коррупцияны муунткандын, ошого каршы иштердин жыйынтыгында болуп атат.

Жыйынга Малайзиядан да жоон топ өкүлдөр келишкен. Бул өлкөнүн коррупцияга каршы агенттигинин башчысы Ахмад Сайид бин Хамдам өз өлкөсүндөгү бул багыттагы аракеттерге токтолду:

- Малайзия өкмөтү коррупция менен күрөшүүгө такай көңүл буруп, аны жоюу жолдорун иликтеп келет. Маселеге түз же кыйыр тиешеси бар ар бир адам коррупция менен күрөшүү, алдын алуу жана болтурбоо жаатында билим алышат. Проблеманы чечүүдө ички жана эл аралык тажрыйбаларды айкалыштырууга өтө көңүл бурулат.

Эл аралык Трансперенси Интреншнл уюмунун иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан коррупциянын денгээли жогору делген 183 өлкөнун ичинен 157-орунду ээлеген. Уюмдун өкүлү Марсело Росо бүгүнкү жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанды өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар учурунда тендерди ачык-айкын жүргүзүүгө чакырды.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда соңку жылдарда коррупцияга каршы алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтканы менен коомчулукта андан күмөн саноолор, а түгүл коррупция мурдагы бийликтин учурундагыдан да күч алып кеткени тууралуу пикирлер жок эмес. Президенттин мамлекеттик кенешчиси Токон Мамытов болсо мындай пикирлерге макул эмес.

- Көбөйбөй эле кайра үч-төрт эсе азайды деп айта алам. Мурда өлкөнүн бюджети 16-18 млрд. сом болсо азыр 40 млрд. сомдон ашты. 26 мектеп салынды, жолдор салынып атат. Бул ошол коррупцияга каршы күрөштүн негизинде болуп атат. Албетте коррупцияны талкалап, жоюп салдык дегенден алысмын. Бул тууралуу президент да ушул эл аралык конференциянын катышуучуларына кайрылуусунда айтып атпайбы, “Кыргызстан азыр башка өлкөлөрдөй эле коррупция менен күрөшүп атат, ошол күрөштү улантып атат” деп.

Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдракмановдун пикиринде болсо, коррупция күч алган өлкөдө аны менен күрөшүмүш болгон аракеттер да көп болот:

- Коррупция канчалык көп болсо ошончолук көп күрөшүмүш боло беришет. Бирок андан коррупция азайбайт. Коррупция – авторитардык бийликтин тирөөчү. Ал болбосо авторитардык бийлик кулап, демократиялык бийлик орнойт. Ошон үчүн биз ылдый жагынан эле тигинтип атабыз, минтип атабыз деп карабашыбыз керек. Элди алдап күрөшүп атабыз деп айта беришет, бирок коррупция көбөйө берет.

Коррупцияга каршы күрөшүү чараларын талкуулаган жыйын эртең аяктайт. Анын соңунда Малайзия менен Кыргызстандын коррупциянын алдын алуу агенттиктеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.