Мындай маалыматты ЖК депутаты Бейшенбек Абдразаков парламент отурумунда билдирди. “Жыл сайын Кыргызстандан миңдеген кыргыздар башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып кетип жатышат. Мындан тышкары жума сайын согушка кетип аткансып, эшелон-эшелон болуп кыргыздар Орусияга кетип жатышат,” деди ал. Депутат Роза Отунбаева сырттан келип жаткан этникалык кыргыздардын жергиликтүү эл тарабынан кодулоого алынган учурлары да көп катталгандыгын белгилеп, бийлик, күч органдары, мамлекеттик идеология мына ушул маселенин үстүндө иш алып барууга тийиштигин билдирди. Кыргыздарды көбөйтпөсөк, Кыргызстан, кыргыздар, кыргыз тили жок болуп кетүүсү турган иш, деп белгилеген депутаттар тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизүүгө макулдугун беришти.(ZKo)