КЫМБАТЧЫЛЫК ТОЛКУНУ ТОКТОЙ ТУРГАН ТҮРҮ ЖОК

Кыргызстанда азык-түлүк баалары --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/39058908-9260-4DEC-9AE8-0BD9ED9F4B84.asp күн санап кымбаттоодо. Расмий тараптар муну дүйнөлүк тенденция менен байланыштырууда. Айрым экономикалык талдоочулар болсо өлкөдө баалардын кымбатташына каршы механизм, атүгүл анын себептерин изилдеп, ошого жараша иш жүргүзгөн мамлекеттик механизм да жок экенин айтышууда.
Сурамжылоолорго караганда, Бишкектин базарларында акыркы аптада эле бир килограмм ундун баасы 3-4, эттин баасы 10-20 сомго чейин кымбаттаган. Аны менен кошо башка азык-түлүктөрдүн баалары да күн санап кымбаттоодо.

Бишкекте чакан дүкөн иштетип жаткандардын бири Майрам Муратова өзгөчө ун азыктарынын баасы кымбаттап, ал кардарлардын нааразылыгын пайда кылып жатканын айтат:

- Эми күндөн күнгө эле кымбаттап атат. Былтыркы менен азыркы баанын баасы асман менен жердей. Бир жупкадай тандыр нан мына 9 сомго чыкты. Кымбаттаган сайын көлөмү кичирейип, салмагы да азайууда. Келген кардарлар да нааразы, кээ бирлер ушул нанды ала албай калышты, кымбатчылыктан улам...

Жыл башынан бери өлкөдө азык-түлүк баалары 13 пайыздан ашыгыраак кымбаттаганын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Санжар Муканбетов бүгүнкү маалымат жыйынында жарыялады. Министр орунбасарынын божомолунда, баалар жай ичи да өсүп, күзгө барып турукташуусу ыктымал.

- Негизги азык-түлүктөрдүн баасы күзгө карай турукташып, ылдыйлай баштайт деп божомолдоп жатабыз.

Ун чыгаруучу ири ишканалардын бири – “Акун” фирмасынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков ундун кымбатташын Казакстандагы кымбатчылыктан көрөт. Анын айтымында, май айында эле бул өлкөдө ундун баасы 80 пайызга кымбаттаган. Ага буудайды сыртка чыгарууга чектөө коюлушу менен башка өлкөлөр Казакстандан ун сатып ала башташы себеп болгон. Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда ундун баасы да түздөн-түз ушул кошуна өлкөдөгү абалга байланыштуу болоорун белгилейт:

- Ундун баасына байланышкан абал Казакстанда буудайдын жаңы түшүмү алынганга чейин ачык бойдон кала берет. Ал жакта жаңы түшүм деп негизинен сентябрда алынчу Түндүк Казакстандагы буудайдын түшүмүн эсептешет. Бул маселеде Казакстандын кабагы бүркөлсө биздики да бүркөлөт, ачылса ачылат.

Экономикалык серепчи Айылчы Сарыбаев баалардын өсүшүн тышкы жана ички факторго байланыштырганы менен ага өлкөдө экономикалык механизмдердин жоктугу, башкаруу системасынын начардыгы да себеп болууда деген пикирде:

- Бизде тилекке каршы баага каршы механизм эмес, баалардын өсүш себептерин толук изилдеп, тактап, анан ошого жараша иш жүргүзгөн мамлекеттик механизм да жок. Мамлекеттин башкаруу системасы баалардын өсүшүн сырттан кандайдыр бир кайдыгер байкоочу сыяктуу карап турушат. Анан бул кымбаттап атат, тиги кымбаттап атат деп фактыны айткандан башка иш кылган жок деп айтсак да болот.

Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, минтип отурса баалардын өсүүсү качан гана эл сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетпей калган учурда гана токтошу мумкүн жана бул жакырлардын санын кескин көбөйтүп, коомго өтө терс таасирин тийгизет.

Айрым талдоочулар болсо баалардын күн санап өсүүсү эл арасында массалык толкундоолорду пайда кылуусу мүмкүндүгүн айтышууда. Атүгүл айрым аймактарда мындай нааразылыктар чыгып да жатканы кабарланууда. Маселен эки күн мурда Аксынын Карасуу айылында 60ка жакын айыл тургундары чогулуп, азыркы эмгек акы, пенсия пособиелер менен жашоого мүмкүн болбой калганын билдиришип, бийликтен аларды көбөйтүүнү талап кылышкан.

Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары Санжар Муканбетов болсо, калк арасында мындай толкундоолор болушу тууралуу божомолдорго кошулбайт. Анын айтымында, калктын социалдык жактан чабал катмарына жардам берүү үчүн өкмөт тиешелүү чараларды көрүүдө. Ошондой эле учурда парламент кароосуна жиберилген “Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” мыйзам долбоорунда бул нерсе белгиленген.

Бүгүн болсо өлкө президенти калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачуу тууралуу жардыкка кол койду. Анда өкмөткө финансылык каражаттарды топтоп, аны калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүүгө жумшоо үчүн атайын эсеп ачуу, аны түзүүнүн булактарын жана жыл сайын толтуруп туруу көлөмүн аныктоо, калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүүнүн механизмин иштеп чыгуу тапшырылган.