ТОКТОБАЙ МҮЛКҮБАТОВ: "ПРЕЗИДЕНТ ЖАЛГЫЗ КАЛГАНДАЙ СЕЗИЛЕТ"

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек "Азаттыктын" таңкы уктурууларына жазуучу жана публицист Токтобай Мүлкүбатов катышып, соңку саясий окуялар боюнча ой-пикир бөлүштү.
-Адахан Мадумаров парламенттин төрагасы кызматынан кетери менен түрдүү пикирлер айтыла баштады. Кээ бир саясатчылар мамлекет башчы жаңы шайлоого даярдыкты баштап, күчтүү атаандаштардан арылып жатат, деген пикир айтып жатышат. Сиз кандай ойлойсуз, быйыл мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болушу ыктымалбы?

-Президенттин кийинки учурдагы акыбалын караганда, ал киши жалгыз калгандай сезим жаралат. Анын жанындагылар ага элдин үнүн жеткирбей, жардам берүүнү каалагандарды төшкө түртүп чыгарып, жаман көрсөтүп, ар ким өзүнүн чөнтөгүн толтурууну максат кылып жеке кызыкчылык менен чуркап калгандай.

Эгер шайлоо болуп калса эмне болот? Азыр баалар көтөрүлүп кетти. Мына элдин маанайы жаман, акчаларын ала албай мугалимдер көтөрүлүп атат. Мындай шартта административдик күчтү колдонуу шайлоодо жеңишти алып келбей турганын алар билет болуш керек.

Орусияда, Казакстанда партиянын күчү менен кайра шайланып атышат. Бизде “Ак жол” партиясы аркылуу өтүп кетем деген ойдон дагы алыс болуш керек. Аны кайталоо аракети акылсыздык болуп калышы мүмкүн. “Ак жол” фракциясындагы окуя бул оюбузду ырастады. Адахан Мадумаровду гезиттер шыбап жазып атышат.

-Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланышын дагы саясатчылар Бакиев өзүнүн айтканынан чыкпай турган кишини алып келди деп айтып жатышат. Сиз кандай деп ойлойсуз?

-Мен анын “Ак жолдон” шайланган депутат экенин да жакшы билбейт экемин. Телевизордон көрдүм, жыйынды алып барып атты. Мурда, кийин чогулуш башкарып, саясатка катуу аралашпаган киши экени билинип калды.

-Токтобай мырза, сөзүбүздү саясаттан адабиятка бурсак. Кечээ Түркияда маданий ишмерлер Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет уюштурушту. Бирок бул сыйлыкка көрсөтүүнүн өзүнчө шарттары, жол-жобосу бар эмеспи.

-Айтматовго Нобель сыйлыгын берсе деле жарашат. Анын үстүнө быйыл атактуу жазуучубуз сексен жылдыгын белгилеп жатпайбы, бир жылды бүтүндөй арнап жатабыз. Мурда деле биздин Кыргызстандан, Россиядан жана башка чөйрөлөрдөн комитет түзүп көрсөтө коелук деген сөздөр болгон. Бирок түрк туугандар Европага жакын, алар билиши керек эле.

Нобель сыйлыгына жалаң эле комитеттер же мамлекеттер көрсөткөнү жарабайт. Нобель сыйлыгына мурда лауреат болгон адамдар аркылуу талапкерлер көрсөтүлүп, ошолор аркылуу Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинде каралат деген жобосу бар деп угуп калдым эле.

-Маегиңизге ырахмат.