АДАХАН МАДУМАРОВ ЭЭРДЕН ШЫПЫРЫЛАБЫ?

Парламент имаратын жасалгалоодон тутанган чатак Адахан Мадумаровду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/40F170F8-2BE9-4697-9273-442C8A4CCE7D.asp төрагалыктан мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселеси козголушуна алып келди. Бул маселени “Ак жол” фракциясы эртеңки жыйынында карамакчы.
Төрага Адахан Мадумаровка байланышкан маселени кароо чечими “Ак жол” фракциясынын кечээки чукул жыйынында кабыл алынган. Маалыматтарга караганда, учурда жаңы төрагалыкка талапкер катары төрага орунбасары Чолпон Баекованын жана Аскар Салымбеков, Автандил Арабаев, Аскарбек Шадиев, Зайнидин Курманов сыяктуу депутаттардын ысымдары аталууда.

“Акжолчу” депутат Ибрагим Жунусовдун пикиринде, бул маселенин чыгышына төрага менен фракциянын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованын ортосундагы пикир келишпестик негизги себеп болду:

- Көптөн бери экөөнүн ортосунда мындай жакындык болбой, бири-бирине мамилеси начар болчу да. Ремонт маселеси жөн эле шылтоо.

Өткөн жумадагы парламент жыйынында Адахан Мадумаров президент Курманбек Бакиевдин уруксатын алганын айтып, парламент залын жаңгак уюлу менен жасалгалоо чечимин депутаттарга сунуш кылганда “Ак жол” фракциясынын ошол кездеги жетекчиси Элмира Ибраимова президент Бакиев буга каршы экенин билдирген. Президенттин бул маселедеги эки ача позициясына нааразы болгон төрага Мадумаров ушундан улам өзүнө ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселесин добушка коерун ачыктаган:

- Мен Жогорку Кеңеш төрагасына ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө жөнүндө маселени добушка коём. Эгер мага (президент К.Бакиев) бирди айтып, эки-үч кишиге башкача айтса, бул саясат эч качан бизди жакшылыкка алып барбайт. Ошон үчүн мамлекет жетекчилиги деп айтат. Мен бул маселени даярдап, добушка коем. Ушуга көптөн бери жетише албай жүрүшөт. Мен өзүм жолуңуздарды ачып берейин.

Бирок бул маселе кийин добушка коюлбай калган.

Ошентип парламент имаратын ондоодон чыккан чатак эми төраганы мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселеси чыгышына алып келип отурат. “Акжолчу” депутаттардын дагы бири Жангороз Каниметов бул маселе жөн жерден чыкпаганын айтат:

- Эми чынында төрагадан да кемчилик кетти. Эл башкарган адамдар токтоо, көтөрүмдүү, сабырдуу болушу керек да. Кээде токтоолук менен ар кандай маселени өткөрүп жибергенге туура келет. Ошондой кыла алган жок.

Парламенттеги социал-демократтар фракциясынын мүчөсу Иса Өмүркулов да бул “Ак жолдун” ичиндеги ырк келишпестиктен чыкты деп эсептейт:

- Менимче, бул маселе партия ичиндеги келишпестиктен, пикирлердин карама-каршылыгынан чыкты. Эгерде ошондой чечиле турган болсо бул партия башындагылардын саясий чечими.

Айрым талдоочулар кечээ Элмира Ибраимованын вице-премьер-министрликке дайындалышы менен парламенттеги маселе чечилди деп боолголошкон. Бирок муну менен маселе аягына чыкчудай эмес.

Мурдагы чакырылыштагы парламент төрагасы Өмүрбек Текебаевдин баамында, эми төраганы да кетирүү менен президент айланасындагы саясий топтордогу тең салмактуулукту сактоо аракетин көрөт:

- Президенттин айланасында саясий топтор тирешип жатканы эбактан эле маалым. Оппозициянын жеңип кетүү коркунучунан улам шайлоо алдында “Ак жолдун” бирдиктүү тизмеси жарыяланып, ага ар кандай клан, топтордун өкүлдөрү кирген. Ошондуктан азыр “Ак жол” фракциясы да монолиттүү эмес, алар тигил же бул топтун саясий кызыкчылыгын көздөгөн адамдар. Президент болсо фракциясынын ынтымактуулугун сактай албай жатат. Кечээ болгон жана эртең боло турган кадрдык жүрүштөр президенттин айланасындагы топторду ынтымакка чакырып, балансты сактоо аракети. Мадумаров менен Ибраимова фракцияда ынтымак сактай албаганына байланыштуу башка жактарга которууда. Бирөөнү эмес, экөөнү тең. Анткени экөө эки башка топтун өкүлү болгондуктан ошол топторду капа кылбай, тең салмактап, таразалай туруунун амалы бул.

Бул арада жергиликтүү айрым маалымат агенттиктери өз булактарына таянып, Мадумаровду кызматтан алуу сунушу президент Бакиев тарабынан берилгенин жазып чыгышты. Бирок муну президенттин маалымат кызматы да, “Ак жол” фракциясы да тастыктаган жок.

Төрага Адахан Мадумаровго байланышкан маселени эртең парламенттеги башка эки фракция - СДП жана Коммунисттер фракциялары да карашы кабарланууда. Адахан Мадумаров болсо учурда Австрияда иш сапары менен жүрөт. Парламенттин маалымат кызматынын кабарына караганда, сапар бүгүн соңуна чыгып, төрага эртең Бишкекке келиши керек.