АКСЫ СОТУ 27-МАЙДА УЛАНАТ

  • Ырысбай Абдыраимов
23-майда Аксы окуясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/BD2D1413-3379-477C-BDEF-1E404B26E5D6.asp боюнча Жалалабатта улантылып жаткан республикалык аскердик сотто жарыш жана каяша далил (репликалык) сөздөр сүйлөндү. Анда экс-губернатор Султан Урманаев 2002-жылы 16-мартта эл алдына барбай койгондон эмес, Бекназаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн деген талап орундалбагандан улам 17-марттагы каргаша келип чыккандыгын билдирди. Аксы окуясы боюнча мурда күбө катары сурак берип келсе 6 жылдан кийин эле соттолуучу боло калганына таң калганын айтты.
Бишкек гарнизондук сотунун Урманаевге карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырууну сунуштаган аскер прокурорунун репликасы боюнча мурда экс-губернатордун депутаттык кол тийбестик укугу жоопко тартууга мүмкүндүк бербей турган. Сот 27-майга чейин тыныгуу жарыялады. Ал күнү түштөн кийин Урманаевге акыркы сөз берилиши ыктымал.

Аксы окуясы боюнча күбө катары сурак берген Султан Урманаев былтыртан бери соттолуучуга айланганына таң калат. Жоопко тартылган себебин ал март ыңкылабы маалында экс-оппозиционер, азыркы бийлик ээлерин Ысыккөлдө коштоп жүргөнү аларга чай берип узатканы жана кээде бийлик ишине көз карашын билдире койгону менен байланыштырды. Үзөңгүкууш капчыгайын Кытайга бербе деп чыккан депутат Бекназаровдун облпрокуратуранын санкциясы менен камакка алынганын ал учурунда билген эмес:

- Бир күнөөлүү кишини табыш керек да. Кичине өзүңдүн позицияңды айтып койсоң да сен жаман болуп каласың. Бирөөнү сындабайсың, эч нерсе кылбайсың. Бир эле күндүн ичинде мага 8ден 15 жылга чейин бериш керекпи, үй мүлктү конфискациялап, күчөтүлгөн режимге мени коюп коюш керекпи. Эмне балээ болуп кетти 6 жылдан кийин?

Облпрокуратуранын соттогу өкүлү Жамила Туражанова Урманаевдин күнөөнү прокуратура тармагына оодарган пикирине кошулган жок. Аксы окуясы боюнча экс прокурор да жоопко тартылууда деди ал:

- Мен адам катарында Урманаевди күнөөлүү деп эсептейм. Себеби губернатор болуп орчундуу кырдаалдарга жол койбош керек эле. Бардык чараларды көрүш керек эле деп ойлом. Бирок андай болгон эмес. Карыпкулов мага ушундай тапшырма берди деп ошону гана кармап алды ал.

Экс губернатор кызматтык милдетин аткарбай, жоопкерчиликтен качкан. Бекназаров камалгандан кийин абалдын оорлоп баратканын Аксы акими менен облбийликтин маалымат катчысы билдиргенине көңүл бурбаган. Урманаевди актаган 17-марттагы элдик соттун өкүмү мыйзамдык укукка ээ эмес. “Анын айыбы толук далилденди”- деп эсептеген аскер прокурору Таалай Абдыкеримов мурда жоопко тартууга экс губернатордун депутаттык кол тийбестик укугу мүмкүндүк бербегендигин билдирди. Ал соттон Урманаевди үч жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыраткан алгачкы сот өкүмүн күчүндө калтырууну сурады:

- Бишкек гарнизондук аскер сотунун 2008-жылдын 23-мартында чыккан мыйзамдуу, негиздүү өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну өтүнөмүн. Соттолуучу Урманаевдин аппеляциялык арызы канааттандырылбасын.

Алты адамдын өмүрүн алган окуя Урманаев Аксыга барбай койгондон эмес, депутат Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган элдин эрки аткарылбай, саясий ондардан улам келип чыккан. Жарыш сөзүндө ушинтип айткан Урманаев Аксы окуясын бөлүп кароо туура эместигин белгиледи:

- Аксы окуясын комплекстүү карап, комплекстүү жыйынтык чыгарганда менин оюмча жакшы болмок. Трагедияга менин барбай калганым себеп эмес. Мен барсам, мына Турсунбек Акундун берген интервьюсунда жүрүп атат, Аксы окуясы ансыз деле болмок. Себеби алардын Бекназаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, кийин сотко кеткенде Бекназаровду акыйкатсыз соттобогула деген гана талабы болгон. Ошондуктан мен Кербенден келатканда, элдер менден сурап атат, 200дөн ашык адам, эгерде туура эмес чечип койсо эмне кылабыз, анда облуска кайрылабыз, эгерде облус туура эмес чечип койсо эмне кылабыз, анда Жогорку сотко кайрылабыз, Жогорку сот чечим кабыл алып чечип койсо эмне кылабыз, анда мен Аскар Акаевичке кайрылам дегем.

Ага байланыштуу кылмыш ишти карап жаткан республикалык аскер соту 27-майга дейре тыныгуу жарыялады. Ал күнү түштөн кийин Урманаевдин акыркы сөзүн сүйлөөрү күтүлүүдө.