СУУ “АТАЛАРЫНА” СУНУШ

“Агым” гезитине “Куруп түзмөйбү же кайрадан канталамайбы?” деген ат менен экономист Талгар Аденовдун энергетика маселелери боюнча макаласынын уландысы басылууда.

Аденов мырза энергия баасы менен тарифтерди реформалоону сунуштап: казино, ресторан, оюн-зоок, сауна, кафе, арак-ликер заводдору ар киловатт саат энергиясын керектегендиги үчүн азыркы 80 тыйындан 3 сомго, ири соода борборлору, супермаркеттер, мейманкана, дүң соода жайлары азыркы 80 тыйындан 2 сомго, мамлекеттик жана менчик ишканалар, айылчарба продукциясын кайра иштетүүчү жайлар азыркы 80 тыйындан 1 сом 50 тыйынга чейин, бир кишиге нормативи 3 эседен ашкан турак жайлар азыркы 62 тыйындан 1 сом 20 тыйынга, чарбасы бар шаарлардагы, айылдардагы типтүү менчик үйлөр азыркы 62 тыйындан 20 тыйынга, ТЭЦ аркылуу жылыган, табигый газы бар көп кабаттуу үйлөр азыркы 62 тыйындан 10 тыйынга чейин төлөсө туура болмок, ал эми баатырлардын, майыптардын жана жетишпеген катмардын үйлөрү үчүн электр энергиясын акысыз же бекер кылып коюу керек деген олуттуу оюн жарыя кылды.

х х х

Ушул эле гезит Чүй губернатору К.Сыйданов, Жалалабат губернатору К.Масиров, Ош губернатору А.Карашев ээрден шыпырылганы калганын, АКШдагы окуусунан 12-июнда учуп түшөрү менен Равшан Жээнбековдун колуна кишен салынарын, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевдин миллиондогон долларлык бизнеси күч органдары тарабынан үтүр-чекитине чейин такталып, криминал изделип жатканын, Аликбек Жекшенкулов оппозиция терисин жамынмыш эткени менен тымызын Ак үйгө жалдырап, Австрияга элчиликти сурап турганын маалымдады.

Мындан тышкары гезит киндиги “туташ” үч дос - А.Мадумаров, Д.Үсөнов, М.Ниязов жакында жашыруун жерден жолугуп, “тос” айтышып, арман төгүшүп, тымызын “барбарос” пландарын түзгөнүн, Арстанбап токоюндагы уурдалган жаңгак уюлдары Өзбекстан аркылуу Германияга сатылып, ал жерден кадимки эле “мерседестерди” жасалгалоого жумшаларын жазып чыкты.



“Биринчиден ЖК имараты 2005-жылы, андан мурда да, анан 2006-жана 2007-жылдары да ремонт болуп келгенине жыйынга такай катышып жүргөн журналисттер биз өзүбүз күбөбүз. Ошол эле “Алга Кыргызстан” парламентке келгенде Бермет Акаеванын көрсөтмөсү менен кайнаган ремонт жүрбөдү беле? Же андан кийинки “Акжолчулар” келердеги ремонтчу? Же жаңгак уюлу менен жаркыратып койсо эле мыйзамдар мыкты болуп кетеби? Анда Бишкек шаарынын айланасын кайсы жыгач менен тособуз? Же четтен келген меймандар Бишкектин башка жагын көрбөй түз эле Жогорку Кеңештин чатырына келип конобу? Оболу аэропорттон келчү жолдун эки тарабы менен борбордун көчөлөрүн оңдоп алсак болбойт беле” деген жүйөнү алдыга тарткан парламент кабарчысы Келдибек Назиров ЖК төрагасы А.Мадумаров түздүргөн сметалык долбоорду окурмандардын сотуна койгон.

Эгер ремонттоо баштала турган болсо ЖК үстөлдөрүн жасалгалоого эле 436 миң 800 сом же 12 миң АКШ доллары, трибунадагы герб үчүн 291 миң 200 сом, же 8 миң доллар, чоң жыйындар залы үчүн 15 миллион 386 миң сом, борбордук фойеге- 6 миллион 114 миң сом, овалдык зал менен квадрат залга 3 миллион 968 миң сом, А.Мадумаровдун кабинети менен кабылдамасына 3 миллион 594 миң сом, мындан тышкары документтерди даярдоого 1 миллион 700 миң сом, терезе пардаларга 1 миллион 832 миң сом, каалгаларга 7 миллион 358 миң сом, плинтуска 1 миллион 365 миң сом, баары биригип 40 миллион 677 миң болорун санап, сары эсепке салып чыкты.



“Кыргыз туусу” гезити совет идеологиясы менен кошо туулуп, ошол бойдон өлбөй жашап келаткан наам маселесин козгоп, баш макаласынын атын аты эле айтып тургандай “Ардактуу наамдуулар көп, бирок чыныгы ардактуулар неге аз?” ат менен жарыкка чыгарды.

х х х

“Жаңы ордо” гезити редакцияга жеткен маалыматтарга таянуу менен өкмөт башчы И.Чудиновдун ордуна шаар баштыгы Д. Үсөнов, президенттин администрация башчысы М.Садыркуловдун ордуна Т.Турдумамбетов, Бишкек мэрлигине А.Атамбаев, Мамкатчылыкка же М.Эшимканов же Ю.Тойчубеков, УТРКага Н.Шакиев же Б.Наргозуев барат деген сөз тараганын шардана кылды.

х х х

“Кыргыз руху” гезити “Ойноп айтам деп оюн айтат” деген рубрика алдындагы макаласын “Кимиси кыйын?” деп атады. Анда жалпыга белгилүү Жаныш Бакиевдин “Лица” гезитине берген интервьюсун жиликтеген С.Карагулов аттуу автор, Жаныш мырза канчалык контрдиалогдук жоопторду айтып, биз бир туугандары президенттин ишине кийлигишпейбиз, мамлекеттик ишке аралашпайбыз, сүттөн акпыз дегени менен анысы актанууга толуп калганын, президент Германиядан кайтып келгенде жумурай журтка жөн эле эс алдым, медициналык кароодон өттүм, бирок операция болгонум жок десе, Жаныш Бакиев интервьюсунун эки жеринде президент операция болуп ошон үчүн көргөнү баргамын деп айтканын белгилеп, “анан да ал “биз - Максим экөөбүз тең жакшы атабыз, жаза кетирбейбиз” дейт, эмне, эгер атышсак бирөөбүз соо калмак эмеспиз дегениби, президент да бир ирет “мен жакшы атам” деп айтты эле, суроо туулат, муну эмнеге айтып жатышат, Акаев да ушинтип айтты эле, окшоштуктар жаман көп да” деп жазды.

х х х

“Аалам” гезити түштүктө өзбек-кыргыз мамилеси күндөн-күнгө курчуп баратканын, буга өзбек ишкерлеринин байлыктарын тартып алуулар себеп болуп жатат деген имиштер барын, мындай көрүнүшкө өзбек президенти И.Каримов каарданып атканын, М.Садыркулов менен А.Мадумаровдун эрөөлү курчуганы калганын, Ак үй саясаты Адахандын баш ийбестигинен соң спикерлик орунду андан тартып алуу сценарийине өтүп, бийлик бутактары да эки жээкке бөлүнгөнүн, түндө Мадумаровду ур-тепкиге алуу буйругу Акүйдөн УТРКга келип түшкөнүн, ажонун аткаминерлеринен ырк кеткенин, булар эми биринин башын бири жутуп тынарын, мындан ары ЖОЖдордогу контракттык төлөмдөрдүн эң арзан дегендери 15 миң сомго чыкканын, ошентип министр И.Болжурова айым каратаман калктын жонунан ЖОЖдор үчүн кайыш тилип бергени калганын баяндады.