Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өлкөнүн коомдук-саясий --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/6021B68D-9BE0-4D1E-83F6-94B5F34E05C0.asp турмушундагы соңку окуялардын тегерегинде “Азаттык” үналгысына саясат таануучу Токтогул Какчекеев маек куруп берди.
-Токтогул мырза, маегибизди Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Азимбек Бекназаровго эскертүү берилиши боюнча маселеден баштасак. Сиздин оюңузча мындай эскертүүнүн артында эмне жатат?
-Эскертүүнүн артында Акаевдин доорундагы Топчубек Тургуналиевдин синдрому жатат. Бул байкушту сынган мылтыктар менен кармап, “сен Акаевди өлтүргөн жатасың”, деген доомат коюлган. Ошондуктан бир саясий жаңылык болбогондуктан эски жолдун нугуна түшүп жатканын биз азыр көрүп жатабыз.
Эми Бекназаров ачык-айрым сүйлөгөнү менен бул кишиден кандайдыр бир террористтик, же болбосо радикалдык коркунуч жок. Анткени бул киши юрист болгон, президенттин үзөңгүлөш революционери болгон. Ошондуктан бул кишинин кыргызчылык менен дагы, абийирчилик, инсанчылык менен дагы андай ишке барууга мүмкүнчүлүк болбойт. Анткени андай жол бул кишиге жабык. Бирок бул киши ачуу сөздү сынга алып жатат. Бул туура нерсе.
-Дегеле бүгүнкү күндө президенттин өмүрүнө коркунуч туудурат деген эскертүүгө канчалык негиз бар?
-Маалында Бериянын группасы Сталинге дайыма ушундай суук кабарларды берип, ал кишинин жүрөгүн суутуп, анан кандайдыр бир түшүнүксүз жолго чыгарган. Муну дагы ошол тегерегинде жүргөн чала сабат, мурунку КГБда иштеген балдар айтып берип, президентти коркутуп-үркүтүп, президенттин кийин ошол корккондугунан туура эмес кылган иштин негизинде бул кишини кулатып, анан үчүнчү күч деп жатпайбы, ошол уюштуруучулар үчүнчү күчтүн тобу болуп эсептелет десек туура болот.
-Парламенттеги соңку жагдайга келсек. Мына парламент имаратын оңдоого байланышкан маселеден улам кечээ “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрүнүн ортосунда ажырым байкалды. Бул эмнеге алып келиши ыктымал?
-Бул Хазбулатовдун жолун кайталоо деген болот. “Өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз” дегендей “бечел мамлекеттин бечара саясатчыларынын” иштери болуп жатат. Ошондуктан хан сарайды салып, сайраңдайын деген ой жүрүп жатат. Бул бир жагынан провинциалдык көз карашы боюнча ушундай болуп жатат.
Экинчи жагынан президенттин тагына отурам деген адамдар абалды курчутууга барууда. Бул бир четинен кадр саясатынын өлгөндүгүн көрсөтөт. Экинчи жагынан саясатчылардын кемчилигин, провинциалдык көз караштарын тастыктап жатат.
-Айрым талдоочулар бул жерде имаратты оңдоо жөн гана шылтоого шынаа болгонун айтып жатышат. Бул чоң саясий күчтөрдүн тирешүүсү деп дагы белгилешүүдө. Кечээ төрага Адахан Мадумаров дагы өзүнө ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө маселесин добушка кое тургандыгын айтып чыкты. Төрага муну менен көптөн бери жете албай жүргөндөргө жол ачып бере тургандыгын кыйытты. Мындан эмнени боолгосок болот?
-Биринчиден, “Ак жолдун” мүчөлөрү президентке кара жолтой иш жасап жаткандан кийин мен айтаар элем бул парламентти таратыш керек дагы, жаңы шайлоону коюш керек. Ошондо абал кичине тынчыйт дагы, мүмкүн парламентке жаңы күчтөр келет.
-Маегиңизге ырахмат.