АЙТМАТОВДУН ООРУП КАЛЫШЫ ТҮРКИЯНЫ КАБАТЫР КЫЛДЫ

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Казанда күтүүсүз түрдө оорусу кармап, ооруканага жатып калышы Түркияда дагы терең кабатырлануу сезимдерин пайда кылды.
Өткөн аптада Казан шаарында сапарда жүргөн учурда бөйрөк оорусу кармап, ооруканага жатып калган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгына түркиялык массалык маалымат каражаттары дагы жакындан байкоо салууда. Өлкөнүн ири тираждуу басылмалары, жазуучунун абалы тууралуу күн сайын окурмандарына маалымат беришүүдө.

Hürriyet гезити “Кызыл жоолук жалжалым” деген чыгармасы менен өлкөбүздө таанылган кыргыз жазуучусу Татарстандын Казан шаарында ооруканада. Татарстандын Саламаттыкты сактоо министирлиги жазуучунун абалы оор экенин билдирди” деп жазса, Milliyet “Кылым карытар бир күн” даректүү тасмасын тартуу жумуштары учурунда бөйрөк оорусу кармаган 79 жаштагы Чыңгыз Айтматовдун абалы олуттуу бойдон кала берүүдө” деп кабарлайт.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ооруп калышына байланыштуу билдирүү жарыялап, тез сакайып кетсин деген тилегин билдирди. “Бир гана түрк адабият дүйнөсүнө эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү адабиятка өчпөс чыгармачылык үлүшүн кошкон Чыңгыз Айтматовдун ооруп калганына абдан тынчсыздандым. Чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган түрк тилинин бул залкар адабиятчысы, бирдей тилди сүйлөгөн элдердин ортосунда маанилүү бир маданият көпүрөсү боло алды. Урматтуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов ылайым тез сакайып кетсин деп, маданий өнүгүүгө чоң үлүшүн кошкон Кыргызстан калкы менен жазуучунун окурман жамаатынын кабатыр сезимдерин тең бөлүшөрүмдү билдиргим келет”, - деп баса белгилеген Режеп Тайып Эрдоган.