8:10 Кечээ президент Курманбек Бакиев Литванын премьер-министрин кабыл алды

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук, экономикалык жана соода байланыштарын чыңдоо багытында пикир алышты. Ал эми Литванын премьер-министри Гемининас Киркилас бүгүн өкмөт башчы Игор Чудинов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюшат. Саат он бирде кыргыз-литва бизнес форумуна , андан соң Кыргызстанда Литванын консулдугун ачуу аземине катышат. Ошондой эле Литванын өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров менен дагы жолугушат. (AJ)