ТОП ЖАРГАН ОКУМДУУ БАСЫЛМАЛАР АНЫКТАЛДЫ

Кыргызстандагы медиауюмдар тарабынан жылдын мыкты гезиттери аныкталып, өлкөдөгү үч эркин басылмага бүгүн үч аталыштагы сыйлыктар ыйгарылды. Басма сөз каражаттарынын жетишкендиктерин баалаган мындай сыйлыктар өлкөдө биринчи жолу уюштурулууда. Айрым байкоочулар эркин басылмалардын мындай сыйлыктарга татып жатышын өлкөдөгү сөз эркиндигинин --> http://www.azattyk.kg/rubrics/free_speech/ky/2008/05/76EE05C7-7941-4719-98A6-40ED1F24E299.asp далили катары баалашууда. Ошол эле учурда кээ бир эркин гезиттердин жетекчилери чынында Кыргызстанда көз карандысыз коомдук-саясий басылма чыгаруу бир топ түйшүктүү экенин жана бийлик тараптан ар кандай басым-кысымдар --> http://www.azattyk.kg/rubrics/free_speech/ky/2008/05/EEED49C2-C1D4-4DC3-94BF-3CB52CE8CA11.asp болуп тураарын айтып жатышат.
Кыргызстандагы медиауюмдар тарабынан жылдын мыкты гезиттери аныкталып, өлкөдөгү үч эркин басылмага бүгүн үч аталыштагы сыйлыктар ыйгарылды. Басма сөз каражаттарынын жетишкендиктерин баалаган мындай сыйлыктар өлкөдө биринчи жолу уюштурулууда. Айрым байкоочулар эркин басылмалардын мындай сыйлыктарга татып жатышын өлкөдөгү сөз эркиндигинин дадили катары баалашууда. Ошол эле учурда кээ бир эркин гезиттерди жетекчилери чынында Кыргызстанда көз карандысыз коомдук-саясий басылма чыгаруу бир топ түйшүктүү экенин жана бийлик тараптан ар кандай басым-кысымдар болуп тураарын айтып жатышат.

Бул сыйлыкты “Маалымат каражаттарын колдоо борбору” фонду “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана Медиаөкүлчүлүк уюму менен биргелешип уюштурган. Натыйжада бул уюмдар үч эркин гезитти жемиштүү иштеген басылма катары таанып, “Де-факто” гезитине жылдын топ жарган басылмасы, “Супер-инфого” эң көп нускалуу жана “Автогид” басылмасына мыкты өсүш деген сыйлыктар ыйгарылды.

“Де-факто” басылмасына сыйлыкты тапшырган “ММКны колдоо борбору” фондунун жетекчиси Андрей Миясаров гезит эмне үчүн мындай сыйлыкка татыганына токтолду:

-2007-жылдын топ жарган гезити сыйлыгы жаңы табылгалар менен окурманды тартуу аркылуу ийгиликке жетишкени, сөз эркиндигин жана демократияны өнүктүрүү жаатындагы ишмердиги үчүн “Де-факто” гезитине ыйгарылат.

Аталган басылмаларга берилген башкы сыйлык калемсап менен сыя челектин статуэткасы болду. Анда кесиптик чеберчиликтин жана эркиндиктин элеси берилген.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул сыйлыктар басма сөз каражаттарын колдоо максатында уюштурулганын белгилейт:

- Дүйнөдө интернет өнүгүп, электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасири күчөп жатканы менен Кыргызстанда басма сөз дале элге таасирдүү бойдон калууда. Буга чейин бизде гезиттер негизинен сан жагынан өссө эми бири-бири менен атаандашып сапат жагынан да өсүш болууда. Бирок мындай гезиттер азыраак. Ошондуктан аларды кайсы бир деңгээлде көтөрмөлөп, колдоо көрсөтүп туруш керек.

Соңку учурларда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым жасалып жатканы тууралуу пикирлер да жок эмес. Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаев болсо эркин гезиттердин минтип сыйлыкка татып жатышын сөз эркиндигинин далили деп эсептейт:

- Бизде азыр басма сөз өтө чоң атаандаштыкка туш келип атат, ар кандай багыттагы миңден ашуун басылма бар.



"Супер инфо" гезитинин баш редактору Кылычбек Султановго Өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Болот Жумабаев сыйлык тапшырууда.

Сыйлыкка татыган “Супер инфо” гезити азыр кыргыз тилиндеги эң көп нускалуу гезит. Негизинен шоу дүйнөсүнө багытталган бул басылма алты жылдай мурда негизделип, учурда 76 миң нуска менен жарык көрөт. “Автогид” болсо автоунаа дүйнөсүнө багытталган гезит. Учурда ал 80 бет көлөмүндө жарык көрөт. Аты айтып тургандай эле бул эки басылма тең саясаттан тыш.



Топ жарган “Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова

Алардан айырмаланып коомдук-саясий багытты карманган “Де-факто” гезити жарык көрө баштаган бир жылдан ашыгыраак убакытта эле окурман журтуна оппозициялык маанайдагы курч басылма катары таанылды. Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова өлкөдө ушу тапта коомдук-саясий багыттагы эркин басылма чыгаруу бир топ эле түйшүктүү экенин айтат:

- Кыргызстанда өзгөчө саясий гезит чыгарыш кыйын. Кеп ошол кыйынчылыктарга канчалык чыдай алганыңда. Маселен, соттук териштирүүлөр, андан сырткары ар кандай жолдор менен бийлик тараптан басым-кысымга кабыласын. Айталы биздин гезитти мамлекеттин колундагы “Кыргыз почтасы” жана “Басма сөз” өңдүү ишканалар аркылуу таратууга бөгөт коюлууда. Биз мурда айыл-апага почта аркылуу жетсек азыр алар эч кандай себепсиз эле “Де-фактону” жеткирип, таратуудан баш тартышты. Муну басымдын бир түрү, атайлап түзүлгөн кыйынчылыктардын бири деп койсок болот.

Чолпон Орозобекова ошондой эле аталган сыйлыктардын берилиши эркин басма сөзгө дем бергени менен негизги бааны бизге окурман берет деп эсептейт.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан мындай сыйлыктар эми жыл сайын өзгөчөлөнгөн мыкты басылмаларга берилип турмакчы.