С.ЖАЙЧИБЕКОВ: АКСЫЛЫКТАР БИЙЛИККЕ ИШЕНБЕЙ КАЛДЫ

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/7A063BDC-254F-481F-BEAF-84A45CDC3848.asp байланыштуу Жалалабатта милициянын генералы Калмурат Садиевге байланыштуу кылмыш ишин карап баштайт. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысына Аксы окуясы боюнча адвокат Сартпай Жайчибеков маек куруп берди.
-Сартпай мырза, бүгүн Бишкек гарнизондук аскер сотунда Аксы окуясына күнөөлүү деп айыпталып жаткан генерал Калмурат Садиевдин иши каралат. Сиз сот отурумуна катышуудан баш тарткан экенсиз, анын себебине токтоло кетсеңиз.

-Өзү Калмурат Садиевдин үстүнөн иш козголгондо сөзсүз түрдө билдирилиш керек болчу. Жабырлануучуга дагы, мага дагы. Анан Калмурат Садиевдин өзүн эле көрсөтмө курал катары үстүнөн иш козгоп алып, калганын үстүнөн иш козгобой койгону – туура эмес нерсе.

Анан ал жерде жабырлануучу катары бир эле Үмөталиев Элдиярды табышкан экен. Чынын айтканда ал жерде бир адам өлүп, алты адам жарадар болгон, бир канча адам таяктан майып болуп калган. Алардын бардыгын жабырлануучу деп табышкан эмес. Жабырлануучу деп бир гана адамды таап, ошонун үстүнөн тергөө ишин жүргүзүп, сотко өткөрүп коюшкан. Чынын айтканда, тергөө ишинин маанисин дагы ошол жабырлануучу деп табылган Үмөталиевдин атасы Анарбай билбейт. Чакырылып тааныштырылган эмес.

Анын үстүнө ал ишти мен качан сотко өткөргөндөн кийин билип жатам. Анан эмнеге мен булардын көрсөтмө курал катары Садиевдин үстүнөн козголгон ишинин сот ишине барып катышым керек? Ошон үчүн мен баш тарттым. Бул бир жагы.

Экинчиден, Аксыда 17-мартта Элдик сот өткөрүшкөн. Бул мамлекетке ишенбейбиз деп өздөрүнүн өкүмүн чыгарышкан. Эми мындай айтканда анын юридикалык күчү болбосо дагы, анын саясий күчү, саясий мааниси бар. Ошондуктан мен ал жакка барганды негизсиз деп эсептейм.

-Мына бүгүн ошондой эле Республикалык аскер соту Аксы окуясы боюнча Бишкек гарнизондук аскер сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча Токобаев, Дубанаев, Кудайбергеновдун дагы арыздарын карап баштайт экен. Бул маселе тууралуу дагы айта кетсеңиз.

-Негизинен эл алардын соттолгонун туура эмес деп эсептейт. Өтө жеңил жаза берилген. Мындан ары дагы аларга эч кандай оор жаза болбойт. Жеңилдетилет. Ошондуктан мындайча айтканда азыркы сотторго эч кандай ишеним көрсөтө албайт, ошондой эле азыркы бийликке ишеним көрсөтпөгөндүктөн мен ал сотко катышууга милдеттүү эмесмин деп эсептейм.

-Сартпай мырза, мына буга чейин расмий бийлик Аксы окуясын саясий курал катарында пайдалануунун кажети жок экендигин айтып келген. Эми кайрадан бул маселенин Жалалабатта каралып жатышынын артында кандайдыр бир саясаттын илеби жокпу?

-Аксы окуясынын ар бир юридикалык негизде каралуусунун бардыгы саясий негиздер менен коштолуп келет. Эмне үчүн аны Аксыда өткөрсө болбойт? Себеби дегенде эл барбаш керек, эл билбеш керек. Башкача айтканда жабырлануучуларды жарым-жартылай топтоп алып, анан актаныш керек, эл аралык аренада “жок, биз аны чечип койгонбуз” деп айтыш керек. Ошон үчүн эле жасап жатышат.

-Бүгүнкү сот отурумуна жабырлануучу тарап катышып-катышпасы тууралуу пикириңиз барбы? Дегеле ушул аксылыктардын бул боюнча пикири кандай болуп жатат?

-Бул жерде ар бир адам өзү жекече чечиш керек. Бирок менин маалыматыма караганда, жабырлануучулар барбайт. Себеби азыр ишенбей калды. Мамлекет азыр Аксы окуясы боюнча маселе чечкендин ордуна алдоо менен алек. Канча убада берилди эле! Былтыр 17-мартта Бакиев өзү барып ошол жерде убада берген. Убадасы бир тыйынга деле турган жок.

-Маегиңизге ырахмат.