БУУ жана АКШ Мянманын өкмөтүн сынга алды

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ президенти Жорж Буш Мянманын өкмөтүн циклондун кесепетине каршы жай күрөшкөнү үчүн сындашты. 2-майдагы циклондон улам Мянмада он миңдеген адамдар набыт болуп, 1.5 миллион киши ачкадан өлүү же ооруп калуу коркунучу астында турат. Пан Ги Мундун айтымында, аны Мянманын өкмөтү “Наргиз” урагандан улам гуманитардык кризиске кабылган эле жардамды өтө жай берип жатканы абдан тынчсыздантат. Буштун сөзүнө караганда, Мянмадагы режимдин кырсыктын кесепетине каршы кандай күрөшүп жатканына дүйнө өлкөлөрү өтө нааразы болот.