Анда Жогорку Кеңеш чийки даярдалганына жана кайчылаштыктарга карабай “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруулар боюнча” мыйзамды шашылыш кабыл алуусуна байланыштуу тынчсыздануу билдирилип, эл аралык коомчулуктун атынан президенттен бул мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтаруу суралган. Кайрылууда мыйзамдын айрым беренелери маалымат каражаттарынын өнүгүүсүнө, ишине тоскоолдук жаратаары айтылат. Ошондой эле мыйзамдын 11 беренесиндеги 6-пункт “Улуттук телерадиокорпорация тууралуу” мыйзамдын күчүн жокко чыгараары, муну менен коомдук телекөрсөтүүнүн ишине жарандык көзөмөл жүргүзүү механизмдери ишке ашпай, УТРКнын байкоочу кеңешин шайлоого жарандык коом катыша албай калаары айтылат.(SM)