Мянмадагы катуу бороондо каза болгон жыйырма сегиз миңден ашуун адамдын тизмесин жарыяланды

Тизме мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлдү. Маалыматтарга караганда дагы отуз үч миңден ашуун адам дайынсыз жоголууда.Эл аралык гуманитардык уюмдар бороондон запкы жеген элге медициналык жана тамак-аш жактан жардам берүү үчүн Мянма өкмөтүнөн дале өлкөгө тоскоолдуксуз киргизүүнү суранышууда. «Дүйнө дарыгерлери» аттуу француз уюму өлкөнүн аскерий бийликтен уруксат алып, алгачкы жардамды бүгүнтөн тарта көрсөтө баштаарын кабарлады.