ОППОЗИЦИЯНЫН КАТАРЫНДА САПАТТЫК ЖАҢЫЛАНУУ БАШТАЛДЫБЫ?

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңеши ушул аптада чогулуп, коомдук парламенттин кезектеги отурумунун мөөнөтүн жана анда каралчу маселелерди аныктаганы турат. Бул отурумда ички уюштуруу маселелери да талкууланчудай. Муну оппозиция өз катарын бекемдөө максаты менен байланыштырса, байкоочулар Түп окуясында алсыраган оппозициялык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/710C369A-04FB-48AF-BEDD-E4C91676D880.asp кыймылдын катары суюлушу мүмкүн деп болжошууда.
26-апрелге белгиленген оппозициянын жөө жүрүшү ага каршы жасалган тукуруктун айынан үзгүлтүккө учураган. Тынч акцияга тоскоолдук болуп, зордук-зомбулук жасалды деген оппозиция Түп окуясын ачык териштирүүнү сурап Башкы прокуратурага кайрылуусунан майнап чыккан жок.

Окуяны жарандык лидерлер сынга алып, Акыйкатчы институту чагымды жергиликтүү бийлик уюштурду деген бүтүм чыгарды. Жергиликтүү бийлик чыккан чатакты оппозициянын аракеттерин сүйбөгөн жергиликтүү элдин каалоосу катары чечмелеп тим болду. Ошол эле мезгилде коомчулукта Түп окуясы аркылуу бийлик оппозициянын мизин кайтарып койгондугу айтылууда. Маселен, “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” оппозиция катуу соккуга кабылды деп билдирди:

- Бүгүнкү күндө радикалдуу эмес, конструктивдүү деген деле оппозиция байкуштар калбай калды. Оппозиция өтө катуу соккуга туш келип турат.

Ошол эле мезгилде оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, алардын ичинде принципиалдуу көз карашты карманган топтордун дымагы күч бойдон кала берүүдө. “Таза коом” партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров муну 2010-жылы болчу президенттик шайлоо менен байланыштырды:

- Президенттик шайлоого жакын эки тараптын позициялары ого бетер күчөйт. Мисалы, Кулов бийлик тарапка өттү. Эми Атамбаев бир күч болот. Текебаев, Эркебаев, Сариев өзүнүн позицияларын барган сайын күчөтүп, президенттик шайлоого катуу даярдана баштайт.

Болжолдуу маалыматтарга караганда “Акыйкат үчүн” кыймылы координациялык кеңешинин ушул аптадагы отурумунда өз мүчөлөрүнүн эсеп-чотун тактап, катарын тазалап, жаңы мүчөлөрдү кабыл алчу түрү бар. Кыймылдын катарынан кете тургандардын ичинде президент менен кызматташа баштаган Феликс Куловдун “Ар намыс” партиясы бар-жок экендиги азырынча бейдарек. Бирок координатор Аликбек Жекшенкуловдун пикирине караганда, кыймыл “Ар намыстын” лидеринен биротоло көңүлү кайт болуп турат:

- Бу киши дагы бир жолу баарыбызды таң калдырбадыбы. Мен ойлойм, бу киши ушул кадамдан кийин саясаттан кетет. Былтыр апрелде эле бийлик тынчтык жол менен өтөт, кеткени калды деп жүрдү эле кайра эле бул кадамды жасады.

Кулов өзү кыйын кырдаалда мен - оппозиция, сен – бийлик деп отура берүү туура эмес, дейт. Талдоочулар арасында жаңы өңүттөгү Бакиев-Кулов кызматташтыгы бийликтин радикалдуу оппозициядан жумшак оппозицияны ажыратып, өзүнө тартуу аракети катары талданууда. Кыймылдагы саясатчылар болсо бул жерде Бакиевдин тиешеси жок, болгону ал Куловдун гана демилгесин колдоп берди дешүүдө.

Чын-чынына келгенде бийлик “Акыйкат үчүн” кыймылындагы президенттин саясатына караманча каршы турган саясатчылар менен кызматташууга кызыкдар эмес. Мындай маанайды президенттин басма сөз кызматынын башчысы Досаалы Эсеналиевдин “Азаттыкка” берген интервьюларынын биринен байкоого болот:

- Бүгүнкү күндө радикалдуу маанайдагы саясатчылардын келечеги болбойт, келечеги жок.

Маалымат кызматынын башчысы мындай батыл билдирүүсүн президент Курманбек Бакиевдин эл ичинде аброю күч экендиги менен байланыштырган.

Принципалдуу позициябыз бар деген оппозициялык саясатчылар болсо бийликтин элге таасири азайып баратат деп ишендиришүүдө. Муну алар азык-түлүккө, электр кубатына, тейлөө кызматтарына баанын өсүп, айыл чарбасындагы кыйын кырдаал менен негиздөөдө.