РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВГО ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы, азыр оппозициялык саясатчылардын катарында турган Равшан Жээнбековго --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/C8D1E61F-1CF5-4E77-AD92-3B87E07BC364.asp былтыр козголгон кылмыш иштин негизинде Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланды. Учурда АКШда билим алып жаткан Равшан Жээнбеков болсо муну саясий себептер менен байланыштырууда.
Кыргызстандын каржы полициясы Равшан Жээнбековдун үстүнөн мамлекеттик мүлк комитетин жетектеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен былтыр 25-июнда кылмыш ишин козгоп, андан кийин издөө жарыялаган. Ага эл аралык издөө жарыяланганы бүгүн ачыкка чыгууда.

Учурда АКШдагы Массачусетс технология институтунда билим алып жаткан Равшан Жээнбеков болсо издөө жарыяланганынан кабары бардыгын, бирок анын кай жерде жүргөнү белгилүү болгондуктан эл аралык издөөнүн кажети жоктугун, бул бийликтегилердин анын окуусунан ажыратуу амалы экенин айтат:

- Бул жерде мени камоо же башка максаттар деле жок. Негизгиси – менин окуумдан ажыратуу, себеби Америкада эле эмес, дүйнө жүзүндө кадыр-барктуу Массачусетс технология институтун бүтүп жаткан адам келечекте буларга чоң коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан муну эптеп окуумду бүтүрбөштүн амалы деп эсептейм. Менин кай жерде жүргөнүмдү Каржы полициясы менен ИИМ эле билбесе жамы кыргыз журту жакшы эле билет болуш керек ММКдагы маектерим аркылуу.

Каржы полициясынын ага тергөөчүсү Рафкат Абдырауфов болсо бул иште эч кандай саясий себеп жоктугун айтып, иштин чоо-жайына мындайча токтолду:

- Равшан Жээнбековго мамлекеттик мүлк боюнча комитетти жетектеп турганда Кайынды кант акционердик коомунун мамлекеттик акциясынын 10 пайызын сатууга байланыштуу былтыр 25-июнда иш козголуп, 25-августта сырттан айып тагылып, издөө жарыяланган. Андан соң быйыл 12-январдан тарта ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Каржы полициясынын тергөөчүсү ошондой эле Равшан Жээнбековдун атасынан анын АКШда окуп жатканын укканын, бирок бул боюнча расмий тастыктама жок экенин кошумчалады.

Равшан Жээнбеков болсо коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттер кызматкердин айыбын иштеп турганда ачаарын, кызматтан кеткенден кийинки айыптоолор кандай болсо да саясий өңүт алаарын белгилейт:

- Коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттер эгер министрлери коррупцияга малынса алар иштеп турган учурда кармайт, пара алып атса ошол учурда кармайт. Кызматтан кеткенден кийин кармалса күнөөсү болсо да ал саясий өңүткө айланып кетет. Мына Ишенбай Кадырбековду кызматта турганда кармашпайбы анчалык кыйын экен. Анан ал киши иштен кетип, оппозициянын курултайына катыша койсо эле баса калышпадыбы. Менин ошол кызматтан кеткениме беш жыл болду. Ошончо убакытта биздин Каржы полициясы менен Башкы прокуратура эмне кылып жүрдү анда?

Айрым саясатчылар жана талдоочулар да Равшан Жээнбековго минтип, аталган кызматтан кеткенден 5 жылдан кийин козголуп жаткан иштин артында саясий себептер бар экенин түкшүмөлдөйт. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев да мына ушундай пикирде:

- Эгерде чынында кылмышкер болсо президент аны элчи кылбай эле ошол маалда эле камап койсо болот эле да. Эми убакыт өткөн соң кылмышкер, аны издеп табыш керек дегени ар кандай суроо туудурат. Менимче, бул жерде саясий себептер же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар бар.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда Равшан Жээнбеков мамлекеттик бир катар жооптуу кызматарда иштеп, 2001-2004-жылдары мамлекеттик мүлк комитетин жетектеген. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Бакайата округунан депутаттыкка ат салышып, атаандашына уттуруп койгон соң добуштарды бурмалоо болгонуна негиздеп, ошол кездеги оппозициянын катарына өткөнүн жарыялаган.

Көп өтпөй азыркы президент, андагы оппозиция башчысы Курманбек Бакиев баштаган топтун катарына кошулуп, март ынкылабынан соң аз убакыт Бишкек мэринин башчысы, андан соң Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2007-жылдын мартында өз ыктыяры менен элчиликтен кетип, аны билимин тереңдетүү үчүн АКШга кетип жатышына негиздеген. Бирок ошол учурда оппозициянын апрель митингисине катышып, азыркы бийликтин дарегине катуу сын пикирлерди айта баштаган.