5-майда Ошто да Конституциянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B13EAB1C-C6BB-449E-8E9A-6EF0DF9A1E7A.ASP 15 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди. Ошол эле убакта жарандардын көпчүлүгү Баш мыйзамды адеп жаңылоонун кажети жок эле деп эсептешсе, айрымдары мындай аракеттер реформаларды кетенчиктетип, бийликтин бир колго топтолуусуна шарт түзүүдө деп тынчсызданышууда.
Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргызстандын туңгуч Баш мыйзамын кабыл алган комиссиянын мүчөсү Ильяс Жусубалиевдин эскерүүсүнө караганда, 1993-жылкы Конституция бийликтин бардык бутактарынын ыйгарым укуктары тең салмактуу болушуна өбөлгө жараткан. Ал ошо бойдон жашап кеткенде бүгүнкүдөй маселелер чыкмак эмес.
- Президенттин, өкмөттүн, закон чыгаруучу Жогорку Кеңештин, сот бийликтеринин бардыгы бири-бирине түздөн-түз карама-каршы келбей турган, ошол эле мезгилде балансташтырып ар ким өзүнүн ишин орду менен алып барала турган жакшы Конституция болду эле деп мен айта алам. Андан кийинки референдумдардагы кабыл алынган Конституцияларды ким айта алат жакшы болду деп, ким ага жооп берет?
Жаш саясатчы Нургазы Ташиев акыркы 15 жылда Баш мыйзамдын 7 ирет жаңыланышы ар тараптуу реформалардын убагында жүргүзүлүшүнө кесепетин тийгизип келатат деп эсептейт:
- Конституцияны кайра-кайра өзгөртө берүү бул менимче ар бир атуулдун өнүгүү позициясын аныктоодо, ошондой эле мамлекеттин башка мамлекеттер аралык алака түзүүдө өзүнүн жолун тандай албагандыгынын бир белгиси катары бааласа болот.
Ошол эле учурда коомдук ишмер Шарап Эгембердиев эл үмүттөнгөн жаңы бийлик үйбүлөлүк башкаруу жолоюна түшкөндүгүн эске салып, эми бардык мыйзамдар алардын гана кызыкчылыгына иштей тургандыгын ачыктады:
- Мыйзамыбыз да иштебейт, Баш мыйзамыбыз дагы элге кызмат кылып бербейт.
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору Эркин Дюсенов акыркы Баш мыйзамга бийликти узурпациялоо – оор кылмыш деген берене кирбей калгандыгына кейип, бирок азыркы коомчулук мындай жорукка жол койбостугуна ишенгендигин билдирди.
- Акыркы Конституциянын долбоорун талкуулап жатканда «бийликти узурпациялоо – оор кылмыш» деген беренени калтырууну катуу талап кылганбыз. Тилекке каршы, ал сунушубуз өтпөй калбадыбы. Ага карабастан өлкөбүздө демократиялык институттар өнүгүп жаткандыгы талашсыз. Ошондуктан, азыркы Кыргызстандын шартындагы демократия мансаптын бир кишинин, же белгилүү бир топтун колуна топтолушуна жана диктатурага жол бербейт деген үмүттөмүн.
Ал эми Ош шаардык адилет башкармалыгынын жетекчиси Азамат
Алыбаев 2007-жылы бүткүл элдик референдум аркылуу кабыл алынган Баш мыйзам көп кырдуу реформаларды илгерилетүүгө эми жол ачты деген пикирде:
- Реформалар керек. Ал эми Конституцияга узурпация деп айтып атышат, андай болушу мүмкүн эмес. Себеби биз цивилизациялык мамлекетте, цивилизациялык дүйнөдө жашап атабыз.