7:38 Президент өлкө калкын эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү менен куттуктады

Анда бул күн кажыбас эмгеги менен Ата Журтунун гүлдөп өсүшүнө салым кошуп жаткан адамдардын майрамы экени, ал жакшылыктын жана адилеттүүлүктүн, эмгек адамына урмат көрсөтүүнүн күнү катары кала берээри белгиленген. “Мамлекеттин башкы милдети – ар бир жарандын таланты өнүгө ала тургандай кылып, кыргызстандыктарга татыктуу эмгек шарттарын түзүп берүү болуп саналат, жигердүү, максатка умтулган жана жаратман эмгек менен гана биз өзүбүздүн башкы максатыбызга – Кыргызстандын экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий жактан өнүгүшүн камсыз кылууга жетише алабыз”, - деп айыталат президент Курманбек Бакиевдин куттуктоосунда.(SM)