БУУ дүйнөлүк азык-түлүк баасын жөнгө салуу үчүн ыкчам топ түзөт

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Берн шаарында маалымат жыйынында ачыктады. Баш катчы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жакынкы мөөнөт ичинде ишке ашырылчу иш-чаралары үчүн жети жүз элүү беш миллион доллар бөлүнөрүн айтты. Андан тышкары азык-түлүктүн тартыштыгын чечүү үчүн узак мөөнөттүк чаралар да иштелип чыгууда. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба агенттиги тарабынан өтө жакыр өлкөлөрдөгү дыйкандарды үрөн менен камсыздоо үчүн бир миллиард жети жүз миллион доллар каражат бөлүү пландалып жатканын Пан Ги Мун билдирди.