Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд вилайетинде жүрүп жаткан аскердик өнөктүккө жүздөгөн британдык жоокерлер жана америкалык деңизчи жоокерлер катышууда. Бул вилайеттеги өнөктүк жүрүп жаткан Гармсир аймагынын оодук жери талиптердин көзөмөлүндө турат. НАТО бул иш-аракеттер ооган атуулдарынын коопсуздугу үчүн зарыл экенин билдирген.