ОППОЗИЦИЯЛЫК ЖӨӨ ЖҮРҮШ МАКСАТЫНА ЖЕТТИБИ?

“Бийлик уюштурган айрым бир чагымчылардын тоскоолдугу менен токтоп калганына карабастан, 26-апрелдеги “Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жүрүшү --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/04/CF85A8DC-C754-4D7D-A300-6618962A0448.asp алгачкы максатына жетти. Жүрүштү токтотууга түрдүү аракеттерге баруу менен бийлик өз жүзүн, саясатын элге көрсөттү”. Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинде айтылды. Оппозиция 26-апрелде Түптө жүрүшкө чыккандарга кол салгандарды жазалоо жана мыйзамдуулуктун бузулушун аныктоо талабы менен Башкы прокуратурага кайрылууну көздөөдө.
“Ыйык Атажуртту коргоо үчүн” жөө жүрүшү Ысыккөлдүн Түп районунан башталып, бирок айрым чагымчылардын аракети менен убактылуу токтогон. Жүрүштүн уюштуруучулары чагымчыларды бийлик атайын жүрүштү бузуу максатында уюштуруп, алып чыкты, деп эсептешүүдө. “Ыйык Ата Журтту коргоо үчүн” жүрүшүнүн катышуучусу Сабыр Муканбетов оппозицияга каршы чыккан бир ууч адамдар жергиликтүү эл эмес, алар бийликтин берген акчасы менен арагына сатылган адамдар, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Биз ал жакка төңкөрүш жасайлы же бийликти алып алалы деп барган эмеспиз. Биз өзүбүздүн Конституциялык укугубуздан пайдаланып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калалы, жерди сатпайлы, деген максатта жөө жүрүшкө чыкканбыз. Мен белгилеп коеюн: жөө жүрүшкө чыккандарды сөгүп-сөздөп, жумуртка менен ургулагандар жергиликтүү эл эмес. Бүгүн КТРден да ушинтип айтып атат. Мен өзүм Тоңдукмун, көлдүк катары айтып коеюн, бизди Түптүн эли кубалаган жок, бул – бийликтин жугундусуна тойгон мастар, ар кошкон, бийлик атайын сатып алып, жалдап, даярдаган чагымчылардын жасаган иши.

Жергиликтүү бийлик болсо оппозициянын жөө жүрүшүнө каршылык кылгандар жергиликтүү эл, деп баса белгилөөдө. Түп районунун акиминин орун басары Ибраим Жолдошев “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө жергиликтүү калк талаа иштерине жолтоо болгондорго каршы болуп атат, деп билдирген:

-Нааразылыгы менен чыгышты. Ушул жерде буларга эмне бар. Азыр талаа иштери жүрүп атат, жаздын бир күнү кышты багат, дейт. Эртең эл ачка калса эмне болот?

“Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жөө жүрүшүнө Нарын аймагынан да кошулууну каалагандар болгон. Жетимишке чукул киши 26-апрелде эртең менен Нарындан чыгып, Түпкө барууга аракет жасаган убакта алардын уюштуруучуларын милиция камакка алган. “Бектемир Акунов” атындагы коомдук уюмдун жетекчиси Урмат Акунов милиция жок шылтоо менен камакка алганын белгиледи:

-Мага да чагым кылышты. Мен ага алданбай, унчукпай турсам, жок жерден желкелеп, “эмне сөгүнөсүң?” ж.б. жалааны айтып, милицияда үч саатка жакын кармашты. Бирок мен биз бийликти да, милицияны да уттук, деп эсептеймин, -дейт Урмат Акунов.

Ошентсе да бул жолу оппозициянын жөө жүрүш акциясы бир аз шашылыш, эртерээк, анча даярдыгы жок башталып калды, деген сөздөр да бар. Буга негизги себеп катары – жөө жүрүштүн катышуучуларына жергиликтүү элдин кошулбаганы айтылууда. Жүрүштүн катышуучуларынын бири, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Нарынбаев алгач элдин ичинде саясий дабат жүргүзүп алып, анан акция уюштурулса, натыйжалуу болмок, дейт:

-Элге маалымат жакшы жете элек. Алгач элге чыгалы, элди аралайлы. Аларга саясий даабат кылып, аң-сезимин ойготуп туруп анан баштайлы, деген сунуштарыбызды айтканбыз. Ушул жагынан бир аз сабак алышыбыз керек, жакшы чечим чыгарууга тийишпиз. Ушул жолку жүрүш да элге кичинекей коңгуроо болду, алар мындан ары бул маселеге кызыгуу менен башкача карай башташат, деп ойлойм. Ал эми жөө жүрүшкө каршы чагым кылгандардын арасында 33-жылы ачарчылык учурунда келип калгандар көп, деген жергиликтүү калк тескерисинче алар үчүн бизден кечирим сурашты.

Ошентсе да “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңеши “Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жөө жүрүшү максатына жетти, деген бүтүм чыгарды. Аталган кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынын туура эместигин элге жеткирүү –жөө жүрүштүн негизги максаты болчу, дейт:

-Бул саясий акциянын жыйынтыгына ыраазыбыз, биз койгон максатыбызга жеттик. Эң биринчи кезекте бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынын туура эместигин элге жеткирүү болчу. Түптө көрдүк, эл азыр Каркыраны гана эмес, Кыргызстанда эмне болуп жатканын эл билбейт экен. Азыр бул акция, анын максаты тууралуу бүтүн Көл өрөөнүндө кызуу кеп болуп атыптыр. Бизге телефон чалып айтып атышат. Ал эми чагым кылгандар “Ак Жол” партиясынын адамдары экен. Алар “Ак жол” деген ураан менен чыгып, кыргыздын атуулдарына жаман сөз, сасыган жумуртка менен каршы чыгышты.

Өмүрбек Текебаев бир ууч жалданма адамдар жалпы жергиликтүү элдин пикирин билдире албайт, деп эсептейт. Жөө жүрүш учурунда ошол жалданма адамдар иш-чарага тоскоолдук кылып, айрым оппозиционерлерге кол көтөрүүгө чейин барышкан. Өмүрбек Текебаев буга байланыштуу “Акыйкат үчүн” кыймылы прокуратурага арыз менен кайрыларын маалымдады:

-Бизде жетишерлик далилдер бар. Ээнбашчылык кылгандардын ким экендигин тактай турган да далил буюмдар да бар. Бул ээнбаштык. Буга карата кылмыш жана административдик иш козголушу керек. Эгер иш козголбосо, бийлик бул кылмыштарга өзүнүн катышкандыгын расмий түрдө мойнуна алды, деп эсептейбиз.

“Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жөө жүрүшү жана Түптө болгон окуя боюнча “Акыйкат үчүн” кыймылы 29-апрелде билдирүү жасамакчы.