БОРБОР АЗИЯ АПТА ИЧИНДЕ

-Борбор Азия биримдигин түзүү Өзбекстан үчүн ылайыктуу эмес. Өзбек президенти Ислам Каримов ушул аптада Астанда болгон учурунда мына ушинтип кесе айтты.

-Түркмөнстан конституциялык реформа өткөрөт. Муну менен өлкө Башмыйзамы бешинчи ирээт жаңыланмакчы. Түркмөнстан ошондой эле мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун мурасынан баш тартып, өлкөдө кадимки салттуу календарды калыбына келтире турган болду.

-Алматыда эл аралык Медиа форум болду. Президенттин кызы Дарига Назарбаева уюштуруп жүргөн мындай жыйын быйыл жетинчи ирээт өткөрүлдү. Анда Кыргызстандын мурдагы президентинин кызы Бермет Акаева да баяндама жасаган.

-Тажикстанда эки апта мурда өчүрүлгөн "Имруз" көз карандысыз үналгысы өз берүүлөрүн обого чыгаруу укугуна кайрадан ээ болду. Ал өз берүүлөрүн FM жыштыгында толугу менен тажик тилинде жайылткан алгачкы үналгы саналат.