Бээжин олимпиадасы учурунда террордук чабуул болушу ыктымал

Мындай оюн Интерполдун баш катчысы Роналд Нобле Бээжинде өткөн коопсуздук конференциясынын ачылышында билдирди. “Террорчулар, анти-кытайлык топтор же «ал-Каида» чабуул жасашы чындап эле мүмкүн”, - деди Роналд Нобле. Анын айтымында, Тибетке байланыштуу нааразылык иш-чаралары кошумча кыйынчылыктарды жаратууда.