12:15 Курманбек Бакиев: Айрым мамлекеттик кызматкерлер, соттор, депутаттар коомчулукка терс жүрүм-турумун көрсөтүшөт

Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн соттордун 6-курултайында айтканы боюнча айрым мамлекеттик кызматкерлер тойлорго барып, ичкилик ичип алышып, өздөрүнүн ким экенин унутуп калышат. “Депутаттар болсо кээ бир коомдук жайларга депутаттык төш белгисин чечпей барып алып, мас болушуп, өздөрүн орой алып жүрүшөт,” деп билдирген президент мамлекеттик кызматкерлер кай жерде болбосун өздөрүн алып жүрүүнү үйрөнүүгө тийиш, деп белгиледи. (ZKo)