23-апрелде Жалалабатта өткөн кеңешмеде облустагы террорчулук менен диний–саясий экстремизмдин, мыйзамсыз миграция менен чегаралардын жана уу калдыктары көмүлгөн жайлардагы абал талкууланды. Ага коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C57613CB-2990-4538-BD8A-3536C8C0B0D4.ASP менен дин иштери боюнча агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев да катышты. Анда айрыкча диний экстремизм күчөп, “Хизб-ут-тахрир” партиясы бийликке жетүү үчүн динди пайдаланып, социалдык кемчиликтер үчүн бийликти сындап келатканы, башка динге өткөндөр менен жергиликтүү тургундар ортосунда жаңжал чыгып жатканы айтылды. Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башчысы Равшан Балтабаев “хизбутчулардын” саны 15 миңге жакындап калгандыгын билдирди. Жашыруун партиянын өкүлү болсо бийликке эмес, бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы чыккандыгын тастыктады.
Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун баянына ылайык облустун Жалалабат, Ташкөмүр шаарларынын көчөлөрүндө, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука райондорунун айрым айылдарында “Хизб-ут-тахрир” партиясы жашыруун түрдө ишмердүүлүгүн күчөтүүдө. Аталган уюм жума күндү дем алыш күн деп жарыялоого, ал күнү балдарды мектепке барбоого үндөп, орозо жана айт майрамдарында кайрымдуулук жасоо менен элди өзүнө тартып, мечиттерге өз өкүлдөрүн коюуга умтулууда.
Быйыл диний экстремизм, мыйзамсыз миграцияга байланыштуу 19 адам кармалып, он кишиге кылмыш иши козголгон. Борборазияда Ислам бийлигин орнотууну каалагандарга жазанын жумшактыгынан мурда соттолгон он бир адам экинчи ирет, айрымдары үчүнчү жолу баракча менен кармалышкан:
- 2008-жылы 19 факты катталып, алардын 10 фактысы диний-экстремизмге байланыштуу деп табылган. Анын ичинде төрт факты боюнча кылмыш иш козголуп, облустук Улуттук коопсуздук кызматына тергөөгө жөнөтүлгөн. Азыркы учурда бардыгы болуп 718 адам каттоодо турат. Жалалабат облусунда “Хизб-ут тахрир” экстремисттик агымдардын мүчөсү катары Ички иштер бөлүмүндө каттоодо тургандар негизинен Сузак районунун Бегабат, Күмүшазис айылдарында, Базаркоргондун Арстанбап айылында, Ноокендин Достук айылында жана Жалалабат шаарында жашашат.
Облус аймагында диний коопсуздук маселеси олуттуу. “Хизб-ут тахрир” партиясы социалдык кемчиликтер үчүн бийликке каяша кылып, өткөн жылкы референдум жана парламенттик шайлоого каршы чыккан. Анын мүчөлөрү дин үйрөтмөкчү болуп, билими тайкы, турмушу начар үй-бүлөлөр менен айыл-кыштак калкын тартып алууда. Жыйында ушундай деп сүйлөгөн облустук улуттук коопсуздук Башкармасы Равшан Балтабаев жашыруун уюмдун өкүлдөрү жылдан жылга көбөйүп, динге жамынуу менен коркунуч келтирип жаткандыгын билдирди:
- Саны дагы кескин көбөйө баштады, салыштырмалуу эсептеп көрсөк булардын туруктуу мүчөлөрү 15 миңге жакындап баратат. Бул абдан көп сан жана коркунучтуу. Биринчиден, өздөрүнүн тууган-уруктарын үгүттөшөт, ошонун натыйжасында бүтүн үйбүлөлөр ага мүчө болуп калып жатышат. Исламга эч тиешеси жок, динде өздөрүнүн бийликке жетүү максатында бирден-бир курал катары колдонуп жаткандыгын ишенимдүү түрдө айтсак болот. Хизбуттахрирчилер мамлекетте болуп жаткан кээ бир экономикалык жана социалдык жетишпестиктерди жана кемчиликтерди өз пайдасы үчүн өтө ийкемдүү пайдаланышат.
Диний чектөөнүн жоктугунан ишмердүүлүгүн күчөткөн христиандык-баптистик уюмдун өкүлдөрүнө каршылыктар өсүүдө. Дин иштери боюнча агенттиктин деректири Каныбек Осмоналиев жыйында Ташкөмүр шаары менен Каракулжа районунда миссионерлер токмоктолгон жана сөөк коюудагы диний араздашуулар тууралуу мисалды келтирди:
- Ташкөмүрдө, Каракулжада болгон окуя - 2006-жылы баптисттер чиркөө ача коюшуп, бүгүнкү күнгө чейин аларды уруп-согуп, токмоктоп, китептерин өрттөгөн учурлар болуп атат.
Коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов Каркыра жайлоосунун Казакстанга бериле тургандыгын саясатчылар куралга айландырганын, бийлик, динге эмес, саясий стабилдүүлүккө шек келтиргендерге каршы тураарын айтты:
- Стабилдүүлүккө каршы болуп, эл, улут аралык кандайдыр бир кайчылаш пикирлерди туудуруп атканына, эл аралык, улут аралык мамилелерди бузуп атканына биз каршыбыз.
“Хизб-ут-тахрир” партиясынын мүчөсү Абдрахман Жолчуев эл бийликтен тажап калгандыгын жана бийликке эмес, анын жүргүзгөн саясатына каршы экендигин билдирди:
- Сүйлөшүүдөн мурда чогулушта “Хизб-ут тахрирдин” бир-эки мүчөсүн чакырып, биз ошол жерде болгон проблемаларды чечебиз. Биздин жогубузда ар нерсени сүйлөп, элдердин акылын уурдаштын кереги жок. Элдер бүгүнкү бийликке ишенбейт, алардан тажаган. Биз аларга каршы эмеспиз, алардын көтөргөн идеологиясына каршыбыз.