“АКЫЛ ОРДО” ЖӨӨ ЖҮРҮШТӨ ОРТОМЧУ БОЛУУНУ КӨЗДӨЙТ

Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр Каркыра жайлоосундагы жердин жана Ыссыкөлдөгү 4 пансионаттын Казакстанга берилишине каршы 26-апрелде Каракол-Балыкчы багыты боюнча жөө жүрүш --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/FC550AF9-8414-4AA3-A94C-47D787A1B5EC.asp баштаарын жарыялашканы белгилүү. Ыссыкөлдүктөрдүн “Акыл ордо” кеңеши болсо бул жөө жүрүштүн алдында, кечээ бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырып жатканын, бул маселеде калыстыкты карманаарын жарыялады. Бирок айрым талдоочулар болсо эми тараптарды сүйлөшүүгө чакыруу демилгесинен натыйжа чыгаарына күмөн санашууда.
“Акыл ордо” кеңешинин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүковдун айтымында, учурда Ысыккөл элинин көпчүлүгү Каркырадагы жердин жана пансионаттардын Казакстанга берилишине каршы. Аталган кеңеш элдин талаптарын колдойт, бирок “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитети уюштуруп жаткан жөө жүрүштө тараптарды карама-каршылыкка барбоого чакырып, ортомчулук милдетти аткарууну көздөйт:

- Бул маселеде оппозицияны да, бийликти да колдобойбуз. “Акыл ордонун” максаттарын аткарууга аракеттенебиз. Биз албетте жөө жүрүшкө барабыз, бирок карама-карышылык чыгып, ал чоң жаңжалга айланып кетпесин деген максатта иш жүргүзүп, ортомчулук аракетин көрөбүз.

“Акыл ордо” кеңешинин мүчөсү Таалайбек Абдылдаев болсо жакында эле Көл аймагын кыдырып келишкенин, кырдаал чынында курч экенин айтат:

- Ысыккөл элинин Каркыра маселеси боюнча көз карашы бийликке өтө тескери, чынында кырдаал оор. Бийлик элдин талабын эске алса бул жүрүшкө өкүлдөрү барат деген үмүт бар. Алар барып, аргументтүү фактылары менен элди ынандырып көрсүн. Эгер эл ага ынанбай, кандай чечим чыгарса да “Акыл ордо” эл менен болот. Бирок ошондо да эки жакка тең ообогон калыстык менен турат.

Өкмөтбек Алмакүчүков ошондой эле кеңеш бийлик менен оппозицияны сүйлөшүүгө чакырып жатканын, маселени тараптар сүйлөшүү жолу менен чечиши керектигин белгилейт.

- Ушундай абалга келгенден кийин бийлик өзү демилге көтөрүп, оппозиция менен тегерек үстөлдө сүйлөшүүгө барышы керек. Ыссыкөлдөгү эле эмес, жалпы өлкөдөгү маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзсүн. Ушуга чейин мындай сүйлөшүү боло элек. Оппозиция курултай өткөрсө ага барбайт, аянтка чыгып, бийликтегилер чыгып жооп бергиле десе чыкпайт...

“Акыл ордонун” төрагасы бул боюнча өлкө башчысынын наамына жолдонгон кайрылуу президенттик администрацияга тапшырылганын, бирок ага азырынча жооп боло электигин кошумчалады.



Ошол эле учурда “Ыйык Ата Журтту коргоо” комитетинин штаб башчысы Азимбек Бекназаров маселе чечилген соң сүйлөшүүгө чакырабыз дегендерге түшүнбөстүгүн, ушундай убакта ортомчу болобуз дегендер көбөйүп кетээрин айтат:

- Ратификация болуп, казактарга берилгенден кийин кайсы сүйлөшүү жолу болот, мен түшүнбөйм. Негизи ушундай учурда ортомчу, көпүрө болобуз дегендер көбөйүп кетет... Биз өз аракетибизди аларсыз эле жүргүзө беребиз.

Бийлик тарап болсо чегара жана пансионаттар маселесинде кыргыз тарап уттурбаганын байма-бай айтып келет. Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытов “Азаттыкка” берген маегинде бийлик тарап буга чейин айтып келген жүйөөлөрдү дагы бир жолу кайталап, айрым күчтөр бул маселенин тегерегинде саясий оюндарды уюштуруп жатат деп эсептээрин билдирди.

Айрым талдоочулар болсо чегара маселесинде азыркы бийлик да Үзөнгүкууш маселесинен сабак албаганын белгилешүүдө. Саясат таануучу Орозбек Молдалиев эми маселе чечилип калган соң айрым топтордун сүйлөшүү жолу менен чечели дегенинен натыйжа чыгаарынан күмөн санап, жөө жүрүш айла кеткендиги иш деп эсептейт:

- Адегенде элдин пикирин угуп, калчабай туруп эле чечип коюп, анан эл билип калып атпайбы. Биз өткөндөн жакшы сабак албай атабыз да. Үзөнгүкуушта да ушундай болгон, анын аягында Аксыда кан төгүлүп, ал күчөп отуруп 24-мартка алып келген. Бул жерде сүйлөшүү жолу менен чечебиз дегендердин аракетинен натыйжа чыгаары күмөн. Эми жөө жүрүш ушуга көңүл бурулаар бекен деген маселеден чыгып аткан айла кеткендеги иш болуп атат да.

Ошентип оппозициялык күчтөр эки күндөн соң, 26-апрелде Каракол-Балыкчы багыты боюнча жөө жүрүш башталаарын жарыялашууда.