Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!

23-24-апрель күндөрү Ош, Жалалабат жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, деп кабарлашат Кыргызстандын синоптиктери.

23-апрелде Кыргызстанда жамгыр жаайт. Кээ бир аймактарга мөндүр түшүшү мүмкүн. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21 градус.
Жалалабат, Ош, Чүй аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +17...+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +11...+16 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +5...+10, күндүз +13...+18 градус.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +19...+21 градус.